Эркек менен аялдын денесиндеги эң жылуу жана эң муздак жерлери

Ар бир адамдын денесинде эң жылуу жана эң муздак жерлери бар экенин билчү белеңиз? Ал эле эмес, аял менен эркектики, жайгашкан жери жана температурасы менен өзгөчөлөнүп турат.

 

 

Биздин дененин жалпы температурасы бир калыпта болушунан шек санабайбыз деле жана ал көптөгөн факторлордон көз каранды. Адамда жылуулук процесси жана айлана чөйрө менен жылуулук алмашуусу токтоосуз иштеп турушу үчүн табият көп нерсенин алдын алган. Ошондуктан, организмди коргоо үчүн, дененин ар кайсы мүчөлөрүнүн температурасы ар башка болот.

Эркектин денесинин эң жылуу жана муздак жерлери кайсы?

Эркектин анатомиясын карасак, анын эң муздак жери - куулук (урук бези жайгашкан мүшөк). Бул органдын температурасы дененин жалпы температурасынан төмөн болуп, айырмаланып турат жана анын температурасы болжол менен 33 градуска барабар. Мунун үстүнөн табият иштеген.

 

Температура төмөн болуу менен, сперматозоиддердин толук жетилишине өбөлгө түзүлөт. Эгер, урук бездериндеги температура 36,6 градуска чейин көтөрүлүп кетсе, эркектин сперматогенез процесси токтойт жана коргоо механизми алсыздана баштайт. Ошондуктан, дарыгерлер эркектерге ысык душка түшка түшкөндү, чапташкан кийим кийгенди, ошондой эле узак убакыт машина айдаганды сунушташпайт. Бул фактордун баары сперматозоиддердин саны менен сапатынын түшүп кетишине жана тукумсуздукка алып келет.

Эркектин денесиндеги эң жылуу жер – чурай зонасы. Чурай зонасында чоң кан тамырлар өтөт. Жыныс органдарынын туура иштеши үчүн, чурай зонасы дайым жылуулукта болуш керек.

 

 
Аялдын денесинин эң жылуу жана муздак жерлери кайсы?

Айымдардын денесиндеги эң муздак жери – таманы менен бутунун манжалары. Ал жерлердин кан менен камсыз болушу эркектикине караганда жай жүрөт, кан буттун төмөн жактарына акыркы орунда жетет.

 

Эң жылуу жерине кайрылсак, курсак тууралуу сөз болот. Аялдын курсак көңдөйү, ички бала төрөө органдарынын кандайдыр бир коопсуздук дубалы катары көрүнөт. Ошондуктан, аялдын курсагы, денесинин башка бөлүктөрүнө караганда жылуураак болот.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.