Эркек менен аял энергияны бири бирине кантип берет

Аял табиятынан эркекке чыгармачыл энергияны ойготконго жаралган. Сөзсүз эле жыныстык катнаш эмес. Көз караш, сылап-сыйпоо, жылуу сөз, өз колу менен жасаган тамак, жууган кийими жана башка көп нерселер аркылуу. Чыныгы аялдын энергиясы (ажаан жана эркек сымал аялдар эмес) эркекке болгон сүйүү менен курчалган.

 

 

 

Сүйүү – аялдын энергиясын оңой жанан эркин өткөргөн ачкыч. Аялдын энергиясы жогорку сүйүү түйдөгүндө жайгашкан сыяктуу. Түйдөк түрдүү өң менен жарык чачат. Бул адамдын аң сезиминин жогорку чекити болгон керемет өң.

Генетикалык табиятынан аял өзүнө жаккан эркекке энергиясын жана сүйүүсүн тартуулайт. Эгерде бул процести токтотуп койсо, аялдын организми өзүн өзү жок кылат. Адегенде нерв системасы бузулат, андан кийин бөйрөктөр, аял органдары, анан баары. Көпчүлүк учурда ашыкча энергия семиргенге алып келет.

Бул бардык энергияны эркекке тартуулоону жаратылыш талап кылат. Энергия агып туруш керек. Эгер токтоп калса чыныгы бомбага айланат.

Эркек өзүнүн энергиясын сөзсүз эле кучактап, өбүшкөндө, жыныстык катнашта бербейт. Болгону аялына суктанып турса, аял анын энергиясына балкыйт. Бирок көз караш ар кандай болот. Адам көз караш менен өзүнүн 50 пайыз күчүн бере алат.

Ошондуктан сүрөттөр магиялык күчкө ээ болушат. Көпчүлүк сүрөттөр аккумулятор сыяктуу карап тургандардын энергиясын өзүнө тартып алат да кайра тартуулайт.

Башкача айтканда аялга суктанган эркек өзүнүн энергиясын тартуулайт. Бирок суктануу да ар кандай болот. Кээ бир эркектер дене түзүлүшүнө, келбетине суктанат.

Жылдызга, гүлгө суктангандай караганда эркектин позитивдүү энергиясын тартып алып, андан да чырайлуу көрүнөт. Чыныгы сүйүүдө ооруп жаткан болсо да сакайып баштайт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.