Энеси баласына түрмөгө кат жазды. Жообу баарынын дүрбөлөң кылды

 

 

 

Энеси түрмөдө жаткан баласына кат жазды:

"Балам! Сени түрмөгө отургузгандан бери, эмне кыылаарымды билбей калдым: үй тиричилигине такыр жетишпей атам, огород казылбай, картошка отургузулбай жатат..."

Баласы мындай жооп жазды:

"Апа! Огородду казбаңыз, башкаларга да каздырбаңыз, антпесеңиз ушундайларды табасыз, мага дагы толтура мөөнөт кошуп салат!"

Бир айдан кийин баласына энесинен дагы кат келди:

"Балам! Сенин катың келээри менен милициядан кишилер келип, бүт огородду казып, бир нерсе издеп чыгышты. Эч нерсе табышпай сөгүнүп-сагынып алышып кетишти!"

 

Баласынан жооп:

"Апа! Эми колуман келген жардамды бердим, картошканы эптеп өзүңүз отургузуп алыңыз!"

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.