Эң таасирдүү айым катары кийинүүнүн 5 жолу

Жынса шым кийесиңби же Эли Саабдан көйнөк кийесиңби, эгер төмөнкү 5 маанилүү принципти кармансаң, анда сөзсүз көпчүлүктөн өзгөчөлөнүп, айырмаланасың:

 

 

1. Өзүңө ишен

Бул макияж сыяктуу. Бир жагынан алганда, көп болсо маскарапоздой көрүнүп калуу коркунучу бар, башка жагынан алганда, эгер аз болсо, томсоргон көрүнөсүң. Өзгөчө болуу үчүн кокурайып кереги жок. Өзүңдү алып жүрүүң адаттагыдай болсун, бирок, “Мен баарына даярмын” деген мамиле үстөмдүк кылсын. Эсиңде болсун, ишенимдүүлүк – бул, макияж менен болосуңбу же жокпу, бардык кулпуга ачкыч боло алат.

2. Жылмайып жүр жана аны парфюм менен толукта

Ишенип кой, бул маанилүү. Өзүңдү “өнөкөт стерванын келбети” синдромунан арылтасың, жана адамдар сенин жаныңда өзүн эркин жана жайлуу сезип калат. Сенин жылмайганың аларды куралсыздандырат. Ошондуктан кабагыңды бүркөбө жана “Чи-и-из” де!

 
3. Кичинекей кара көйнөк – эч качан ката болбойт

Эч качан өзүңдү жоготпо, айланаңдагылар сенин жиниңе тийип турган күндө да. Хайтерлер өз иштерин кыла берсин, себеби, алардын ойлору сен үчүн маанилүү болбош керек. Сен өзүңдүн мамилелериңе гана көңүл бур. Реакцияларыңды көзөмөлдө. Эмоцияларыңды көзөмөлдө. Эстеп ал: сени кемсинткенге аракет кылган адам эчак эле сенден төмөн түшүп кеткен. Классикага ишен.

 
4. Бийик такалуу бут кийим кий – бул бийликтин символу

Мени “Шайтан Prada кийет” («Дьявол носит Prada») фильминдеги Мерил Стриптин образы дайым шыктандырат. Кантип империя түзүү менен ийгиликтүү жана көз карандысыз айымга айланганы. Мэрилин Монро айткан: “айымга туура бут кийим берсең, ал дүйнөнү багындырат”. Сен үчүн бардык эшиктер ачылат. Сени көптөгөн мүмкүнчүлүктөр күтүп турат. Жашооңду өз колуңа алгандан коркпо. Мындан сексуалдуу эч нерсе жок.

 
5. Туура сумка танда жана ашык оокаттарды ыргыт

Сага керектүү нерсени гана ал. Сени токтотуп жаткан нерселерден арыл. Сага ашыкча оокаттын кереги жок. Жашаганга тоскоолдук кылып жаткан нерселерден арылууга убакыт жетти. Эгер өткөн чакты коё бербесең, жумушуңду да, мырзаңды да кармап кала албайсың. Кетирген каталарды, жашооңдо болгон негативдерди ойлонуп, убакытыңды коротпо. Алдыга, жакшы келечекке кара. Эгер сенин жүгүң оор болсо, алдыга жылыш кыйын болот. Жакшы нерселерге гана ыкылас кой.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.