Эң сулуу жүз Россиядан табылды. Мына анын көрүнүшү (15 сүрөт)

Красноярск шаарынын тургуну 24 жаштагы Анна Янгулова "Россиянын сулуу жүзү" сынагынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу сулуулар сынагынын Эл аралык академиянан билдиришти. Уюштуруучулардын айтымында, сынактын максаты «сырткы сулуулукту гана эмес, чыгармачылыкты жана кадрга туура түшүү өнөрүн» сыноо болгон.

«Жеңүүчү 24 жашта, бою 169 см», – дешет уюштуруучулар. – Кыз улуттук жана аймактык сулуулар сынагынын көптөгөн наамдарынын ээси. Федералдык радио мектебинин бүтүрүүчүсү. Хоббиси: «вокал, музыка, медицина, фотография, спорт, стретчинг», – деп түшүндүрүштү уюштуруучулар.

Белгилей кетсек, сынак онлайн режиминде өттү. Кыздар калыстар тобуна үч көрүнүштө: жумуш үчүн, эс алуу үчүн жана романтикалуу жолугушуу үчүн адаттан тыш макияждарын көрсөтүштү. Мындан тышкары, катышуучулар психологдордун тапшырмаларын аткарышты. Эми бул кыз "Дүйнөдөгү эң сулуу жүз" сынагына жөнөтүү алдында турат.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.