Эң сексуалдуу эриндердин формасы менен көлөмү эми ачыкка чыкты

Биз, эркектерге толук, болпойгон эриндер жагат деп ойлоп көнүп калыппыз. Бирок ал андай эмес экен: окумуштуулар көптөгөн изилдөөлөрдү өткөрүшүп, накта идеалдуу эриндер кандай болоорун айкын кыла алышты.

 

 

Мурдатан эле, айымдар эриндерин чоңойтконго жан уруп келишет: боёктун, помаданын, жалтырактардын, жалбыздын (эриндерге кандын келишин көбөйтөт жана бир аз шишитет) жардамы менен, такыр эле ыраазы болбой калганда ийненин жардамына да кайрылышат. Кандай болгон күндө да – болпойгон эриндерди эркектер  сүйүшөт! Керек болсо, калифониянын пластикалык хирургдары идеалдык эриндер үчүн атайын формула дагы чыгарышкан: ылдыйкы эрин үстүңкүсүнө караганда 2 эсе (тамаша эмес) чоңураак болуш керек. Так ушул стандартты американын пластикалык хирургдары колдонот.

Доктор Тиджин Эшо, Лондондон чыккан эстеист, өз коллегалары менен чоң изилдөө өткөрүп, жыйынтыгында эриндердин идеалдуу формасы менен көлөмүн аныкташты. Жыйынтыгында көпчүлүк эркектер тандаган сексуалдык эриндер аталды.

Изилдөөгө катышуучулар бети толук көрүнгөн эки сүрөттөн жагымдуу жана сексуалдуу эриндерди жана өзүнчө эриндер гана көрүнгөн эки сүрөттөн ошондой эле критерийди тандашкан. Ошондой эле эки сүрөттүн артыкчылыктары менен кемчиликтерин да айтыш керек болгон. Үчүнчү этабында “фоторобот”: бардык эстетикалып талапка жооп берген эриндердин компьютердик моделин түзүү болгон.

Анан, мына жыйынтык: көлөмү боюнча үстүнкү эрин астыңкы эрин менен бирдей болуш керек, ал эми ылдыйкы эриндин эң калың жагы ооздун бурч жактарынын 2/1ин түзүш керек.

Ошондой эле доктор Эшонун изилдөөсүндө, үстүнкү эриндеги колот же “Амурдун жаачасы”, эркектердин, эриндерди сексуалдуу деп кабылдоосунда маанилүү роль ойноору аныкталды. Уяң, өтө так көрүнбөгөн колот, терең, ачык жана так байкалганга караганда эки эсе жагымдуу болоору ачыкталды.

Эсептелип чыккан идеалдуу пропорциялардын мисалы катары доктор Эшо Эмили Ратаковски менен Мишель Киганды келтирди.

Анджелина Джоли менен Кайли Дженнер кара тизмекке киришти – алардын эриндерин эркектер эми сексуалдуу деп эсептешпейт жана аларга кыскача, “чектен тыш” деген мүнөздөмө беришти.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.