Эң көп радиация бөлүп чыгарган 15 смартфон

Заманбап адамдардын көбүндө смартфон күнү-түнү жанында болот, деп жазат Statista.

Жумушта болсо чөнтөккө салып жүрөбүз, үйгө келатканда колубузга кармайбыз, уктаганда – жаздыктын астына коюп коёбуз. Денеге дайым мындай жакын алып жүргөндө, ден соолугубузга зыяны барбы-жокпу деген суроо пайда болбой койбойт.

 

Телефондун нурлануусунун атайын кылынган узак убакыттык изилдөөлөрү болбосо да, биз, кулакка такаганда эң көп нурлануу бөлүп чыгарган моделдердин тизмегин түздүк.

Эскерте кетчү нерсе, телефондун нурлануусунун “коопсуз” деңгээлинин универсалдуу нормасы жок. Бирок, германиянын «Der Blaue Engel» экологиялык сертификациялоо стандарты, организмге сиңүүнүн салыштырма кубаттуулугу 0,60 Вт/кг дан төмөн телефондорго гана туура келет.

Төмөндө аталган телефондор бул көрсөткүчтөн эки эселеп ашат.

Нурлануу деңгээли чоң телефондордун тизмеги (бир кулакка такаганда келтирилген организмге сиңүүнүн салыштырма кубаттуулугу көрсөтүлгөн):

1. iPhone 7 Plus — 1,24 Вт/кг.
2. BlackBerry DTEK60 — 1,28 Вт/кг.
3. ZTE AXON 7 mini — 1,29 Вт/кг.
4. iPhone 8 — 1,32 Вт/кг.
5. Sony Xperia XZ1 Compact — 1,36 Вт/кг.
6. iPhone 7 — 1,38 Вт/кг.
7. Huawei P9 lite — 1,38 Вт/кг.
8. OnePlus 5 — 1,39 Вт/кг.
9. Huawei Nova Plus — 1,41 Вт/кг.
10. Huawei P9 — 1,43 Вт/кг.
11. Huawei GX8 — 1,44 Вт/кг.
12. Huawei P9 Plus — 1,48 Вт/кг.
13. Nokia Lumia 630 — 1,51 Вт/кг.
14. Huawei Mate 9 — 1,64 Вт/кг.
15. OnePlus 5T — 1,68 Вт/кг.

 

 

Сиздин девайс бул тизмекке кирет бекен?

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.