Эмнеге узакка кетип жатып, газ-плитанын кулактарын сүрөткө тартып алыш керек?

Мындай картинаны элестетип көрүңүз: Акыры эргүүгө чыгайын деп чечтиңиз, үй-бүлөңүзгө – баарын сонун кылам деп сөз бердиңиз.

Майда-чүйдөгө башымды оорутпайм деп жыргап, гамакта чалкалап жатып, эсиңизге бир нерсе кирет: “Газга эмнени унутуп кеттим?”, “Үтүктү өчүрдүмбү?” ж.б. Булар жөнүндө канчалык көп ойлонсоңуз, анда эргүүңүз өлдү дей бериңиз.

 

Жакында, интернетти казып жатып мындай көйгөйдү чечүүчү бир кызыктуу чечимге туш болдук.

Майда чүйдөгө кайгыра берген бир белгилүү лайфхакер, бул көйгөйдү кантип чечүүнү жазып чыгыптыр.
Болгону, үйдөн чыгып жатып, акыркы моментте, газ плитаны, ар кандай крандар менен кнопкаларды сүрөткө тартып кетиш керек.

Гениалдуу эмес дейсизби?

Баарыбызда эле, жөн жерден күмөн жаралышы мүмкүн. Так ошондо, телефонуңузду алып чыгып, сүрөтүн карап коёсуз да, эс алууңуздан ырахат алууну улантасыз.
 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.