Эмнеге оозун жапкан аял дайым жеңет

Унчукпай калуу оор. Өтө оор. Мурункудай ар бир нерсеге жооп бербей, унчукпай көрсөңүз. Унчукпай калчуу каршылашыңыздын кыраакылыгын мокотот. Маалыматты жок калып, эмнеге карманаарын билбей, сизди башкара албай калат. Сиздин унчукпай калганыңыз сизге атырылып жаткан адамдын сизди күнөөлөгөн, шылдыңдаган мүмкүнчүлүгүн жоготот.

Сиздин унчукпай "макул болгонуңуз" кандай пайдалуу экенин ар кандай кырдаалда карап көрөлү.

 

1-мисал. Жумушта

Айша долбоорду бузуп алды. Башчы жаалданып, кыйкырып өкүрүп, акыркы сөздөр менен тилдеп баштады.

Биринчи вариант: Айша актанып, каршы болуп, анын күнөөсү эмес, жалгыз эле анын күнөөсү эмес экенин түшүндүргөнгө аракет кылып баштады...

Башчы ого бетер жинденип, андан да каттуу кыйкырып баштайт.

Ал Айшанын түшүндүргөнүн төмөндөгүдөй кабыл алат:

-күнөөнү моюунга алгысы келбейт

-авторитет катары сыйлабайт.

-өз билемдик кылат.

-жоопкерчиликсиз.

-тартипсиздик.

-коллектив менен батышпайт.

-жалпы жумушка көңүл коштук.

Эми бул кылганы үчүн жумуштан айдаш керек, актанам деп ушуна жеткирет.

Экинчи вариант: Ал жок дегенде биринчи мүнөттөрүндө унчукпай турса:

-башчысы ачууланып, айкырып-кыйкырат.

-андан кийин (тез эле, себеби унчукпай турат да) ага боору ооруйт.

-өзү актанганга себеп ойлоп табат.

-кечирет.

-баалайт (ага чыдап жана сыйлаганын)

-мындай чыдамкай жана берилген байкуш кызды кызматынан көтөрөт.

(анын аялына караганда характерине чыдаган, себеби үйүндө ал унчукпайт, аялы айкырат, ал жумушунда гана кыйын болот).

Андан кийин ал кичине уялып калат. Кээде, кичине. Андан кийин өзүнүн уятын унчукпаган кызматчысын сыйлап (сыйлык акыдан кызматынан көтөргөнгө чейин) жапканга аракет кылат.

Пайдалуу экенби? Бир мүнөт унчукпай койгон жагымдуу экенби?

А сиз эмнени тандайсыз? Эмнени тандасаңыз ошону аласыз.

 
2-мисал. Бирөөнүн машинасын сүзүп алдыңыз.

Биринчи вариант: Сиз аял, ал эркек дейли. Же тескерисинче. Сиз унчукпай турсаңыз, ал кыйкырынып жатат. Белгилүү эле да! Жабыркагандын пландары бузулду, убакыты кетип атат. Маанилүү жолугушууга кечигип жатат. Өз тоюна кечигип жатат. Толгон токой себеби бар.

Унчукпай калгандын ордуна сиз да жабыркаганга жооп берип атасыз. Сиз атайын кылган жоксуз да.

Экөөңөр тең ажылдап, бири бириңди акыркы сөздөр менен сөгүп баштадыңар. Мындай учурда согушуп кетиш деле бат эле. Бири бириңдин кийимиңерди да айрып жетиштиңер. Сиздин жакшы көргөн көйнөгүңүз эле, ал тойго кийген жалгыз костюм шымы...

 

Экинчи вариант: сиздин тишиңиз сынып калган, же кийме тишиңиз түшүп калды, же эртең менен сарымсактан өкүртө жеп алып оозуңузду ача албай турасыз. Жок дегенде бир мүнөт.

Бактысыз жабыркаган:

- айкырып кыйкырып алат.

- болгон кырсыктын жакшы жактарын издеп баштайт.

- мурда эле унаасын алмаштыргысы келип жүргөн.

- андан кийин сизди аяп баштайт.

- сизге жардамын сунуштайт.

- жолугушууга чакырат.

- материалдык жардам да берет.

- пайдалуу тааныш табасыңар.

- бойдок болуп чыгат да, сизге үйлөнөт. Себеби сиздей акылдуу жок.

Мына унчукпай коюунун пайдасы.

 
Эки мисалда тең кырдаалды жакшыртып тездеткенге болот

1. Дароо күнөөнү моюнга алуу.

2. Адам өзү ошондой жаралган, күнөөнү моюнга алгандан кийин сизди актагысы келет. Себеби ал урушуп сизди күнөөлөгөнгө коротчу энергиясын короткон жок. Сиз моюнга алып койдуңуз.

3. Чогулган даяр энергиясын сизди актаганга жумшап баштайт.

4. Эгер ал келесоо болбосо эле.

 
Кайсыл учурда унчукпай карап турбаш керек:

- жаш баланы ыза кылып жатканда.

- карыларды кемсинтип жатканда.

- аялдарды уруп-согуп жатканда.

- зордук-зомбулукта.

Тизмени өз баалуулуктарыңарга карата улантсаңар болот.

Башка учурда унчукпай койгон туура!

Facebook барагыбызга жазылыңыз