Эмнеге кыздар өздөрүнөн бир топ улууларды тандашат? Сыр чечилди

Кыздар балдарга караганда эрте жетилээрин баарыбыз эле билебиз. Окуучу кезден бери эле билебиз балдар чүкө ойноп жүргөн убакта, кыздар болсо бир эки класс өйдө окуган балдарды сөз кылышып кыз жигит болуп кеткендер да болот. Мындай көрүнүш 20-25 жашка чейин болот. Көбүнчө кыздар өздөрү менен теңдерди теңине алышпайт.

 

 

Бирок жаш айрыма 10-15, 20 жашка чейин болгондо айланадагы адамдар таң калуу менен сөз кыла башташат. Эмне үчүн? Кызга акча эле керек болду го деген сөздор көп айтылат. Бирок андай эмес экен. Психологдор мындай көрүнүшкө жооп табышкан.

Көпчүлүк кыздардын улуу адамдарга тартылганын себеби кичинесинде атасынан жетишээрлик мээрим алышпаганында. Атасыз үйдө чоңойгон кыз, же атасы бар болуп туруп кызына эч кандай көңүл бурбаган учурда кыздар ушундай болуп калышат. Кийин кыз жетилип өзүнө атасынан албаган мээримди башка улуу эркектерден издей башташат. Бул нерсе атайын болбойт. Кыз атайлып мага ата керек деп издебейт, ал өзү да билбеши мүмкүн. Баары кыздын ички туюму менен жүрүп отурат.

 

Дагы бир себеби. Өмүр бою ата-энеси менен жашап өз алдынча болуудан корккондор. Бардык жагынан ата-энеси каржылаган, өз алдынча эч нерсе кылып көрбөгөн. Ата-эне камкордугунан айрылып калуудан корккон кыздар да улууларды издей башташат. Үйдө жакшы, жайлуу, бардыгы даяр мындан аркы жашоомдун да ушундай болуусун каалайм дегендер. Мындай кыздар жашоодо өз алдынча аракет кылып көрбөгөндөр, өмүр бою ата-эненин камкордугунда калып калгысы келгенедер.

 

Мына ушундай жыйынтыкка келип токтолушкан психологдор. Албетте мындай жашоого кабылган ар бир кыздын жашоосу ушундай боуп кетпейт, бирок бала кездеги психикалык жараат баары бир өзүнүкүн билдирет.

Facebook барагыбызга жазылыңыз