Эмнеге колду жууш керек? Эң жеткиликтүү түшүндүрмө

Америкалык мугалим, балдарды колун жууп турганга үйрөткөн эң жакшы ыкма ойлоп тапты.

60 жаштагы Дона Джил Аллен Түндүк Каролинада мектепте сабак берет. Ал өткөн сабак микробдор жана ал кандай тарайт деген темада болгон. “Эмнеге кол жууп туруш керек” деген принцип окучуларга сиңип калыш үчүн ал көрсөтмөлүу мисал келтирди.

 

Ал үчүн Джилл Алленге нандын 3 кесими, 3 аба кирбеген баштыкча жана бир аз чыдамкайлык керек болду.

Бекем жабылган баштыкчага бир кесим нанды стерилизацияланган мээлей менен, экинчи баштыкчага таза жуулган кол менен, үчүнчүсүнө нанды бардык окуучулар колуна кармап көргөн нанды салып, аба кирбегендей кылып бекитти.

Анан болгону, нан микробдун айынан кандай өзгөрүүлөргө дуушар болооруна жөн гана көзөмөл салып турушту. Биринчи эле күндөрү акыркы кесим нан жашыл түскө боёлуп жана кара точкалар пайда боло баштады жана күн өткөн сайын көбөйө берди. Башка нандар өзгөргөн жок.

Өз сабагынын жыйынтыгын Джилл Аллен Фейсбукка бөлүшкөндө, материал вирустук популярдуулукка жетти. Көпчүлүк мугалыимдер, анын тажрыйбасы менен өз сабактарында бөлүшөөрүн айтышты.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.