Эмнеге кээ бир адамдар дайыма үшүй берет?

Байкасаңыздар керек арабызда кээ бир адамдар дайыма үшүп тоңуп эле жүрүшөт, жылуу бөлмөдө болсо дагы, калың кийинип турса дагы тоңуп эле турган адамдар бар.

Бул нерсе көбүнчө аялдарга тааныш болсо керек, статистика боюнча ар бир үчүнчү аял ушундай үшүкчөөл болот. Мунун бир нече себептери бар, алар кайсылар жана кантип арылса болот айтып беребиз.

 

 

Организмде темирдин жетишсиздиги, кан аздык. Гемоглобин түшүп кеткенде кандын айланышы оорлошуп, кан тамырлар жоонойуп кетет. Канды бир калпка келтирүү үчүн буларды күн сайын колдонуңуз:

Кызыл эт

Боордон, бөйрөктөн суп

Күрүч, гречка, перловка

Жумуртка, алма, сыр, балык

Ашыкча салмак

Толук адамдар дайыма ысып турат деп көпчүлүк ойлошот, бирок андай эмес. Ашыкча майлар кан тамырларды кысып калат да кандын айланышы начарлайт. Анан жанагы эле каны аз адам сыяктуу үшүп турат.

Кан басымы ылдый болгон адамдар да үшүкчөөл болушат. Дайыма үшүп турсаңыз кан басымыңызды текшертип коюңуз

Тамакты аз жеген адамдар да үшүп турушат. Организмге жетиштүү өлчөмдө калорий барбай калганда денени жылытыш үчүн энергия жетпей калат. Тамакты аз жеген арык адамдар, жана аз кыймыл кылган адамдардын дененсинин табы ылдый болот.

Ошондуктан спорт менен машыкпасаңыз дагы жок дегенде күнүнө 30 мүнөт көнүгүү жасап, ар бир жеп жаткан тамагыңызга көнүл буруңуз. Үшүбөңүз!

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.