Эмнеге эркектер узун буттуу кыздарды жактырышат? Эксперттердин корутундусу

Польшанын окумуштуулары күтүүсүз корутунду чыгарышты: адамдын бутунун узундугу анын ден соолугунун көрсөткүчү болушу мүмкүн. “Актуалдуу жаңылыктар” айткандай, буттун узундугу тукум улоочу (репродуктивдик) ден соолук жагынан караганда дагы маанилүү.

 

 

Мына ошондуктан аялдар да, эркектер да сокур сезим менен сексуалдык өнөккө узун буттууларды тандашат.

200дөй адам катышкан изилдөө өткөрүлгөн. Жынысына карабастан, кыска буттуу адамдарда диабет, семирүү жана жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу көбүрөөк болоору анык болду. Ошондой эле аларда триглицериддин деңгээли жогору болуп, кан басымы менен көйгөйлөрү байкалат.

Аялдарга жана буттун узундугуна кайрылсак, окумуштуулар мыйзам ченемдүүлүктү ачышты. Аял бала кезинде канчалык жакшы тамактанса, ошончолук буттун узун болушуна себеп болот экен. Буттардын өсүшү кыздар жыныстык жетилүү курагынан өткөндө токтойт. Кыскасын айтсак, адамдын буту канчалык узун болсо, ал анын организминин ыңгайлуу өсүшүнө жакшы шарт түзүлгөндүгүнөн кабар берет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.