Эмнеге эркектер телефонду шымынын чөнтөгүнө салып жүрбөш керек?

Уюлдук телефондор кандайдыр бир деңгээлде радиациялык нурлануу бөлүп чыгараары тууралуу байма-бай айтып келгенге карабай, көбүбүз аны шымдын чөнтөгүнө салып же жаздыктын астына коюп жүрөбүз.

Бул ыңгайлуу дечи, эч кандай деле кыйыр таасирин көрбөйбүз.

 

 

Бирок, анын терс таасири, жок эле дегенде эркектерге тиет – деп илимпоздор эскертишет. 21 илимий иштерди изилдөөнүн натыйжасында, телефон эркектин жыныс органдарынын жанында көп убакыт болгондо, анын сперматозоиддеринин санын азайтуу менен сапатын түшүрүп жиберет деген бүтүмгө келишти.

Ошондой эле, “тирүү” калган сперматозоиддердин ДНКсы майып болуп калат – деп болжошууда.

Бул негизи биологиялык феномен, себеби, окумуштуулар, кантип иондобогон радиация денеге таасирин тийгизээрин тушундүрө алышпайт, бирок изилдөөлөрдүн статистикасы айткандай, таасири бар.

Бүгүнкү күндө Жер калкынын 14%ында бойго бүтүү көйгөйү бар, анын 40%ында эркектин тукумсуздугу күнөөлүү. Телефонду сактап жүргөн орун сыяктуу майда деталдар негизги мааниге ээ экенин окумуштуулар эскертет.

Австралиянын Ньюкасл университетинин окумуштуулар курамы, бир нече жылда чогулган 27 илимий изилдөөнү карап чыгышты. Анын 21и сперма менен телефондон чыккан радиациянын байланышы бар экенин көрсөттү. Негизги көйгөйлөр – бул сперматозоиддердин кыймылынын (8%) жана жашоо жөндөмдүүлүгүн (9%) аздыгы, ошондой эле ДНКнын майып болушу.

2008-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму уюлдук телефонду, “2В далилденген канцерогендүү буюмдар” группасына киргизген.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.