Эмнеге эркектер ойнош күтүшөт?

Адатта бул суроого эки жооп бар: себеби эркектер полигамдуу жана, себеби аялы канаатандырбай калды. Чынында эки жооп тең туура, бирок толук эмес.

Эркек эле полигамдуу эмес, адамзатынын баары ошондой. Эркектер да, аялдар да. Ал эми экинчи пунктучу?

 

 

Эмнеге эркектер бейопалык кылат

Бейопалык кылган эркектин психологиясы: алар бейопалык кылат, себеби кыла алат.

Бул, “эмнеге” деген суроого толук жооп. Анткени, ага, аны менен төшөк бөлүшүүгө даяр аялды табуу кыйын эмес. Кээде издеп деле кереги жок – ал өзү эле табылат. Анткени, коом муну уяткарбайт: себеби, аялга караганда эркекке секс көбүрөөк керек деп эсептешет, ошону менен, чекеден секс издөөдө эч кандай деле уят нерсе жок дешет. Бирок, эмнеге? Эркекке дагы бир аялдын эмне кереги бар?

Кийинки кадамы, аялын да, ойношун да каалабай калат. Эркек эмнеге бейопалык кылганы эми түшүнүктүү болду окшойт. Эркектин бейопалыгы аялдын мойнуна жүктөлгөндөй. Ал өзү “өзүн карабай калды”. Ал өзү семирип кетти, өзү үйдө чоюлган көйнөгүн кийип жүрөт, өзү баягы таанышкан кездеги сексуалдуу “мышыкка” окшобой калды. Кыскасы өзү күнөөлүү. Такыр кетип калбаганына сүйүнсүн.

Эмнеге эркектер бейопалык кылат? Чындыгында, көйгөй мында эмес, анда, суйкайган сулуу аялынын көзүнө чөп салгандар тууралуу эмне айтабыз? Кептин баары, аялдын келбетинде эмес, турмушка чыккандан кийин кимге айланып калганында да эмес.

Аял менен ойнош – айырмасы чоң, эки башка нерсе

Ар бир адамдын өзүнүн социалдык ролу бар, жана ар бирибиз ошол ролго туура келгенге аракеттенебиз. Көйгөйдүн негизгиси, аялдын ролу менен ойноштун ролунун ортосун байланыштырган эч нерсе жок. Эгер эркектен, идеалдуу ойношту кандай элестетесиң деп сурасаң, ал болжол менен аялдын төмөндөгүдөй портретин тартат: жеңил ойлуу, өзүн жеңил, сексуалдуу алып жүргөн. Эгер идеалдуу аялды сүрөттө десең, күйөөсүнө бек, тиричиликти тарта алган жана сарамжалдуу аялды элестетип жиберет.

 

Эгер теманы ары өнүктүрсөк, жогорку сүрөттөмөдөн эч кандай окшоштук таппайбыз. Түгөйлөр нике курганга чейин, аял өзүндө, ойношто болгон бардык сапаттарын камтып жүрөт. Эмнеге эле турмушка чыккандан кийин “ашкабакка” айланып калат?

 

Ким күнөөлүү?

Албетте, аялдын кымындай да күнөөсү жок. Баарына, ар кандай ролдорду таңуулаган социум күнөөлүү. Жыйынтыгында, турмушка чыккан аял кызыктай кырдаалда калат: бир жагынан эркектин оюндагыдай аял болуш керек болсо, бир жагынан, коомдун оюндагыдай, токтолгон, жакшы аял болуш керек. Анткени, кийинки кадам – “ашканадагы стол” деген фразаны укканда, стол үстүндөгү унутулгус сексти эмес, стол үстүндө камыр жайганды элестеткен – аял-эне. Бир жагынан караганда, секске муктаждык жубайларда жоголуп кетпейт. Эркек да, аял да, жөн эле жубайлык милдетти аткарбай, кумарланып жана кумарланткысы келет. Бирок кантип, эгер коом таңуулап койгон роль, өзүн сексуалдуу алып-жүрүүнү жок кылып атса? Эгер аялдын ролу тамак, үй жыйнамай менен бүтүп калып атса, жана – перспективада – бала төрөө болуп атса?

Албетте, бул, аялынын көзүнө чөп салган эркектин күнөөсүн кечип койбойт. Бирок, эртеби, кечпи, ушул кырдаалга кезигем, деп сезип баштаганда кандай болуш керек?

Эмне кылыш керек?

Көйгөйдү чечкенден көрө, алдын алган жеңил экени түшүнүктүү. “Идеалдуу аял” болуунун кажети жок экенин түшүнүү маанилүү –  жагорудагы, ашканадагы ашпозчу, бөлмөдөгү леди жана төшөктөгү гетера. Баарыбыз билгендей – инсандыкты эки жакка тартуу эч кимди сактап калган эмес.

Көйгөй башкача чечилет: статусуңду алмаштыруу менен эч нерсеге милдеттенбесиңди түшүнүү керек. Борщ жасаган, кийим үтүктөгөн машинага, күйөөсүнө энесиндей мамиле кылган аялга айланып кереги жок. Канчалык эрте, “аял ... (керектүүсүн өзүң коюп ал) милдеттүү” деген фразаны унутсаң, жөнөкөй аялдан жубай-аялга айланып кетүү коркунучу азыраак болот. Жубай-аял канчалык сексуалдуу эмес экенин көрдүк, демек ойнош-аялдын пайда болуусуна да көп убакыт талап кылбайт.

Айта кетчү дагы бир жагдай: бул сени гана ойлонсун дегендик эмес. Бул деген, күйөөң көйнөгүн өзү эле үтүктөп алат, тамакты деле өзү жасап  алат дегендик. Сен өзүңө жаңы – укмуш сексуалдуу, албетте, ич кийим тандап жаткан убакта.