Эмнеге эрекетер аялын таштап кетип калышат?... Себеби...

Эмнеге капысынан эле кетип калды? Мен эмнеден жаздым? деп ойлонушат күйөөсү таштап кеткен аялдар. Мындай карасаң баары эле жайында сыяктуу, үстүндө үйү, астында ашы жанында  аялы, балдары дегендей. Бирок, ал баарын таштап кете берди...

Америкалык психолог Дональд Висман эркектердин үй бүлөсүн таштап кетип калышынын негизги 3 себеби бар деп эсептейт.

 

 

Аялы аны каалабайт же баалабайт

Эркек үчүн эң маанилүү жагдай аялынын аны каалап, баалап, барктап турушу. Аялынын көзүнө кайсыл гана эркек болбосун баатыр, башкы каарман болуп көрүнгүсү келет. Акылдуу аял анын мыкты эркек экенин, ансыз үйдүн куту качып, жашоонун кунары кетип калаарын айтып, далилдеп турушу  зарыл.

Ооба, бүгүнкү учур башкача заман. Аялдар эркектер арбын акча табышат. Бирок, буга карабай эркектин сиздин  турмушуңузда ээлеген өз орду болууга тийиш. Ансыз кайсы бир кырдаалда аксап калаарыңызды ал билиши керек. Мындан тышкары эркекти эркек катары калап турганыңыз оң, ага бул аба-суудай керек. Эсиңизде болсун эгер ага болгон каалоо жок болсо, ал аны чындап каалаган башка аялга кетип калаары бышык.

Мамиледе жалаң гана негатив

Көп жыл чогуу жашаган жубайлардын бара-бара мамилеси сууп, уруш-талаш көбөйүп, бирин-бири кекетип-мокотуп, нааразычылык, бири биринен чарчоо көнүмүш адатка айланат. Мына ушул негатив абал эркектин кетип калышына түрткү болот. Ал кайрадан бактысын сынап көргүсү келет, жеңил, жагымдуу жашоого умтулат. Ошондуктан аялдар ортодогу мамилени татаалдантып, кайдыгерлик менен кыйын кырдаал жаратпашы керек.

 

 

 
Эки башка максат коюуу

Жуптардын чогуу болушуна максаттардын бир болушу, көз караштардын окшоштугу чоң таасир берет. Үй бүлө бюджети, балдар жана кызмат, турак жай, кайсы жакта кантип жашоо керектигин жубайлар бирдей талдап талап кылгандары дурус. Айрымдар ойлошот, баары өзүнөн-өзү чечилет деп, андай эмес, ортодогу келишпестиктер ажырашуунун негизги себеби болушу ыктымал.

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.