Эмнеге дарыгерлер өлгөн балага таазим кылышып, башын ийишкен? Себебин билиңиз!

Кичине кезинде, баланын баары мыкты оюнчуктар, пульту бар машина, ар кандай конструктор, же гаджеттер тууралуу кылданышат. Бирок, бул баланын окуясы, такыр башка нерсени, баалуу жана маанилүү нерсени кыялданганга мажбурлады.

 

 

Лианг Яоуи, 11 жашар кытайлык бала өз курдаштарынан өзгөчөлөнүп, айлана-чөйрөнү изилдөө менен айырмаланып турчу. Кыялында Лианг дарыгер болуп, көптөгөн өмүрлөрдү сактагысы келген. Бирок, бир күн Яоуинин үй-бүлөсүндө кара так калтырды. Мектептеги сабак убагында баланын башы айланып жыгылып калган. Аны ооруканага жеткирип, керектүү анализдерди алышкан. Дарыгерлердын чыгарган бүтүмү ата-энесин шок кылды – Лиангдан баш мээсинин рагы табылган.

Өлүм алдында Лианг өзүнүн кыялы менен энесине бөлүшкөн: “Биздин каардуу жашоодо жакшы жоруктарды кылган мыкты адамдар бар. Мен алардын бири болгум келет”. Ал, өзүнүн өлүмүнөн кийин саламат органдарын чынында эле муктаж адамдарга донорлукка берүүнү чечкен.

Эр жүрөк бала айткандай, донорлук – бул жашоонун уландысы, болгон айырма, ал башка денеде болот. Боор менен бөйрөктөрү оорудан жабыркаган эмес. Дарыгерлер Лиангдын алдында таазим кылышып баш ийишти, анын кылганы чыныгы баатырлык деп айтышты.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.