Эмнеге кээ бирөөлөрдүн чачы күбүлүп түшөт?
Чач түшө берсе жыдып, таз болуп калуу коркунучу жаралабы.
Чач түшүүнүн себеби эмнеде, андан арылууга болобу?
Мына ушул суроолорго азыр жооп издейбиз.
Ар бир чачтын өлчөлүү өмүр жашы бар, чач дагы өлөт, өлгөн чач жерге түшөт. Анын ордуна жаңысы өсүп чыгат. Бир суткада 500гө жакын чачтын түшүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Чачтын түшүшү да тукум кууйт, эгерде ата-энеңизде же жакын тууган-туушкандарыңызда эрте жыдып таз болгондор болсо анда коркконуңуздун жөнү бар.
Аялдардын организминде ар кандай гормоналдык өзгөрүүлөргө байланыштуу чачтын түшүшү мүмкүн, мисалы өткөөл мезгилде, кош бойлуу учурда, бойго бүтүрбөй турган каражаттарды колдонгондо, айызы келгенде ж.б.
Чачтын аябай түшүшү иммунитеттин төмөндөп кеткенине, дары-дармектерди колдонгондо, кант диабети, богок ооруулары, остеохондроз, аллергия, дерматит, жугуштуу ооруулардын кесепетинен дагы болушу мүмкүн.
Таракка толо чачышкан чачтын калып калышынын дагы бир себеби организмге керектүү витамин, минералдардын жетишсиздигинен, мисалы, темир, магний, цинк, кальцийдин аздыгынан болушу дагы ыктымал.
Күз – депрессиянын, стресске батуунун учуру. Организм маанайдын чөгүңкү болгондугунан улам адамдын алы кетип, чачы түшө баштайт. Уйкунун канбагандыгы, кайгыга батуу дагы чачтын түшүшүнө алып келет.
Чачты химиялап, түркүн боёктор менен боёп, ысык фен колдонуп, термотармалдагычты, үтүк колдонуу дагы чачтын ылдам түшүшүнө алып келет.
Радиация, булганган аба, суу, сапатсыз азык-түлүктү колдонуу, туура эмес тамактануу, айрым бир азыктарды өтө көп колдонуу, мисалы таттууну, спирт ичимдиктери жана чылым чегүү дагы чачтын түшүшүнө “жардам” берет.
Адам катуу ысып же үшүсө дагы организм сезгенип, чыйрыгып жыйынтыгында чач түшө баштайт. Ошондуктан катуу аязда жылаңбаш жүрүүгө болбойт, суук чачтын чыныгы душманы.
Элдик медицинада чачты сактоонун көп ыкмалары бар. Мисалы, имбирь, бал, чалкан, шыбак, ат кулак, түрп жана кастор майлары баш терисин дарылап, жаңы чачтардын өсүп чыгуусуна чоң көмөк болот. Чачым жыдып, таз болуп калбайын дегендер туура тамактанып, кайгырбай, иммунитетти чыңдаса жаңы чач кайрадан кулпунуп чыгаарында шек жок.
"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.