Эмнеге бекер иштебеш керек?

Эмнеге эч ким, эч качан бекер иштебеш керек. Бул эскертме, дайым "колдонулуп калчу" адамга тиешелүү. Айтып кетүүчү нерсе, бекер деп, кылган адамга эч кандай пайда алып келбеген проекти айтабыз.

Бекер иштебеш керек, себеби...

 

Нөл

Эгер жумуш бекер кылынып жатса, анын баасы эки жакка тең нөл болот. Бир жумадан кийин шаштырып жаткан ишиңди, баш ооуртпай туруп жаап салса, таң калбай эле кой: керек болсо, рахмат айтпай да коёт. Бекер келген нерсе бааланбайт. Бул адамдын жаратылышы.

Жыйынтык

Бизге, бекер проекте техникалык тапшырма же бриф жазылган убакыт белгилүү эмес. Айткандай эле, бардык жумуш кыска сөздөр менен бир нече каттан кийин токтойт. Бекер проектте мындай жыйынтыкка келүү коркунучу жогору.

Мөөнөт

Сенин эски досуң Ташмат, кечээ кафеде отуруп, анын стартапына логотип тартып берүүнү суранат. Бош убакыт болсо деп. Сен макул болдуң. Бирок эртеси өкүнүп калдың, себеби, сага 3 айга жетчү эки проект түштү. Ташмат каякка барат? Туура, акыркы орунга. Балким, Ташмат күтпөйт. Себеби, бекер проекте, эч ким реалдуу мөөнөт койбойт.

Сапат

Балким, жаңы проектер башталганча, Ташматтын логотибин бир түндө жасай коём деп бел байладың. Түн ортосу, көздөрүң кызарган, уйкуң келген, Ташматты, анын стартапына кошуп туруп атып салганга даярсың. Эптеп бүтүп, таңкы саат беште "жибер" кнопкасын бастың. Эмне жиберип атканыңдын мааниси деле жок. Себеби, бат кылган сапаттуу болбойт.

 
Нервдер

Биякта баары түшүнүктүү. Бирөөгө сөз берип коюп, кайра өкүнүп калган күндө түшүнөсүң. Шылтоолор, телефонуңду албай качып жүрүү – мунун баары, эгер сөзүңө турбасаң, сени күтүп турат. Же, өзүңдү сөгүп, экинчи эч кимге сөз бербейм деп өзүңө өзүң сөз бересиң. Аны кармай алышың башка сөз.

Мамиле

Бекер проект менен коммерциялык проектте мамилелер бирдей эле болот. Сенин бир жериңди чукуганча каныңды сорот. “Бекер болсо эмне кылайын?” деген шылтооң жарабайт. Канааттанбаган адам кандай гана прайс болбосун канааттанбайт. Мамилени бекер бузасың.

 
Комплекстер

Портфолиоңду толтуруш үчүн, кийинкисин акчага кылам деп, бекер проект алдың дейли. Тамашасы жок! Кийинкиң дагы бекер болот. Себеби сенин алсыз жериңди билип алган “бекерди сүйүүчү” кайра-кайра бекер проектилерди генерация кылып турат. Сенин алсыз жериң – бул баалуулук комплексиң. Бир жолу бекер проект жасап берип, “бекерди сүйүүчүдөн” өмүрү кутулбайсың. Толтура “косяк” кетиришиң толук мүмкүн. Эң жакшы вариант, өз проектиң менен иште.

Өнүгүү

Чоң, кызыктуу жана оор проектти команда менен жасаган күндө гана өнүгөсүң. Бекер проектте мындай болбойт. Эч качан. Ал кыска, сапатсыз жана кызыксыз. Андан эмне пайда табышың мүмкүн? Бекер проект кылып жаткан убакта, сен өспөйсүң.

 
Базар

Бекер иш кылуу менен, сен базарга жана коллегаларыңа зыян келтиресиң. Биринчиден, базар менен клиенттердин мээсин булгап, сапатсыз нерсе кылып атасың. Экинчиден, сага акча төлөбөйт, демек сен акча корото албайсың, кимдир бирөө, сен анын товарына же кызматына төлөөчү акчаңды албайт. Башкача айтканда, бекер жумуш кылуу менен сен өзүңдүң эле экономикалык өнүгүүңө тоскоолдук кылбастан, жалпы өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болуп жатасың. Ал эми сенин коллегаларың сени жек көрөт, себеби же аларга эмес, же өзүңө эмес – деген мамилени кылып жатасың.

Коллегалар

Алар сени жек көрөт, чындыгында. Эч качан, эч кимге бекер проектиң жөнүндө айтпа. Эгер ал проект сен үчүн чындап эле кымбат жана пайдалуу болсо.

 
Акырында бир аз кеңештерди айта кетели:

1. Эч качан сөз бербе, маанайың жакшы болуп турганда да. Эшикке чыгып, бир аз серги, ойлон, таразала. Жүрөгүң менен ойлонбой, башың менен ойлон.

2. Эч качан “ооба” деп жооп бербе. Эгер, “Бош убактым болсо кылып берем” десең, сөз бердим деп эсептей бер. Элдер муну шарт катары эмес, сөз берүү катары кабыл алышат.

3. “Жок” деп айтканды үйрөн. Истерикасыз, көзгө карап, жылмайып туруп. Досуңа, коллегаңа, молдого, баарына. Сөз берип туруп кылбай койгондон көрө, башында эле жок деген оңой.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.