Эмнеге бай түгөйлөр бактысыз болушат?

Таң калыштуу, бирок бул факт. Акыркы изилдөөлөргө караганда бардык нерсеси жетиштүү, эч нерседен кем болбогон түгөйлөр көп ажырашышат экен.

Байлыкты чогулткандар өзүнүн түгөйүнө эмес, материалдык байлыкка көп көңүл бурушат экен.

 

 

Мындай жыйынтыкка окумуштуулар 2 миңден ашуун түгөйлөрдү изилдегенден кийин келишкен. Көп байлыкка жетишкендердин баары акчада бактылуулук бар деп эсептешкен. Орто жашаган түгөйлөр тескерисинче бактылуулук акча менен эсептелбейт дешкен.

 

 

Бирок эмнеге ушунча аракети менен жүрүп отуруп, ар кандай адамдар менен иштешип отуруп байлык чогулткандар өз түгөйү менен тил табыша алышпайбы деген суроону коюшкан окумуштуулар. Көрсө деген байлар өмүрүнүн баарын акча табууга жумшап өз түгөйүнө, балдарына убакыт бөлө албай калышат экен. Жана да аларга биринчи баалуулук бул акча, акча менен бардыгын чечсе болот деген түшүнүк мээлерине орноп калат экен. Кандай көйгөй болбосун акча менен чечип көнүп калган адам үй-бүлөсүнө да ошонусун көрсөтөт. Бирок ал учурда кеч болуп калган болот. Бактылуулук бул-жакын адамдарың сени кубанычтуу көздөрү менен карап турса мына ошол экен.

А сиз кандай ойлойсуз? Акча менен бактылуу болсо болобу? Ойлоруңузду комментарийге жазыңыз.

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.