Эмнеге аялы күйөөсүнүн чачын албаш керек

Кээ бир аялдар күйөөсүнүн чачын өздөрү эле ала коюшат. Бул эркек үчүн ыңгайлуу, эч жакка чыгып кереги жок. Бирок, элдик ишенимдер менен ырым-жырымдар, күйөөсүнүн чачын аялы алганга тыюу салат. Эмнеге? Бул ишеним каяктан башталган, эмнеге азыркыга чейин айтылып келет, бул макаладан талкуулайбыз.

 

 

 

Эркектин чачын кыркуу аялдыкына караганда оңоюраак деп санашат. Эркекти машинка менен кыркып койсо болот, жана көпчүлүк эле аялдын колунан келет. Күйөөсүнүн чачын кыркуу менен үйдө өзгөрүүлөр болоорун, уруш-талаш көп чыгаарын айтышат. Эркектер аялдарына көп көңүл бурбай калат жана жөнөкөй нерселерди унута башташат деп айтышат.

Кээ бир профессионал стилисттер, күйөөлөрүнүн стилин өзгөрткүсү келип, өздөрү эле чачын кыркып башташат, ошол эле кезде, аялдар өз күйөөсүнүн чачын кыркпашы керек экенин такыр унутуп коюшат.
 

Элдер, эркектин жашоо булагы чачында катылганын жана эгер чачын өз аялы кыркса, андан ажырайт деп айтышат. Ошентип, эгер эркектин чачын башка же тааныш аял тегиздесе, анда эркекке эч кандай зыян келтирбейт, себеби эркектин энергиясы ичинде “жашынып” ала алчу кудурети бар.

Бул, качан чач тарач эркекке жакындаганда болот. Бирок, эгер чачты аялы кыркса, күйөөсүнүн аялына болгон ишениминин айынан ал өзүн бош сезет жана энергиясы эч жакка “жашынбайт”, ошентип, чогулткан биологиялык энергиясы менен кош айтышса берсе болот

Эгер күйөөсүнүн чачын кыркса, үй-бүлөдө уруштар менен жаңжалдар көбөйөт дейт ырым-жырымда. Уруштун башталышы жакпай калган чач жасалга болушу мүмкүн, же чач кыркып жаткандагы аялдын муздактыгы. Ошондой эле күйөөсү кыркылган чачына ыраазы болбой калышы, кыркуу ылдамдыгы да себеп болушу мүмкүн. Аялдары мындай сөз болсо таарынат, жана чоң жаңажал чыгып, “өз чач тарачыңа бар” деген сөздөрдү угушу мүмкүн.

Ырымга ишенсек, чычын алган аялы күйөөсүнүн бир нече жыл өмүрүн алып коёт, жана канчалык көп алса, ошончолук жашын кыскартат. Бирок, тоодо жашаган тургундардын чачтарын аялдары эле кырып берет го, ага карабай жүзгө чыгып жатышпайбы. Ал феноменди кантип түшүндүрөбүз?

Эгер аял ырым-жырымдарга ишенсе, анда күйөөсүн чач тарачка эле жибериш керек, ал жакта жаш, сулуу кыздар кызмат көрсөтүп берет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.