Эмнеге “- Алло” дейбиз?

Учурда телефонсуз жашоо жок. Каякка барбайлы уюлдук телефонубуз жаныбызда. Ансыз коңултуктап, жашообуздун кызыгы кете түшкөндөй сыяктанат. Таң калаарлыгы телефонду чалганда же алганда биринчи сөзүбүз “алло”.  “Алло” деген сөз каяктан чыккан? Эмнени билдирет?

 

 

Телефон жаңы пайда болгондо аны колдонуунун так  эрежелери болгон. Узак убакытка дейре телефон  олуттуу адамдардын иш куралы болуп, баалуу буюм катары аздектелип келген. Андыктан телефон менен сүйлөшүү өзгөчө окуя катары бааланган.

Телефонду ойлоп тапкан Александр Белл болсо, телефондун ишмердүүлүгүн күчөтүп, нагыз керектүү тиричилик куралына айлантууга Америкалык ойлоп тапкыч Томас Эдисон зор салым кошкон.

1877-жылы август айында Томас Эдисон ири телеграф компанияларынын президенти менен кат алышып, “hullo”. Деген сөз менен телефондук сүйлөшүү башталсын деген оюн билдирген. Алгач телефонду ойлоп тапкан Александар Белл сууда жолуккан кемелер жолукканда “ahoy” деп бири бирине салам жолдогон сөздү киргизебиз деп үгүт жүргүзөт.

 

Бирок, көпчүлүк биринчи вариантта сунушталган  “hullo” сөзүн колдоно баштайт. Орус тилдүү элдер “алло” деп, ошентип дүйнө жүзүндөгү бардык элдер телефонду алаар замат “алло” деп калганбыз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.