Эмнеге адамдар өбүшүп жатып көздөрүн жумушат?

Статистика боюнча, 66 пайыз адам, өбүшүп жатып көздөрүн жумуп алат. Болгону 34 пайызына, өбүшүү убагында партнерунун реакциясына көз салып туруу жагат. Бул кубулуштун себебин табуу үчүн атайын изилдөө жүргүзүлгөн.

 

 

Жыйынтыгында, өбүшүп жатып көзүн жумган адам, өзү байкабай эле өзүнүн организмин ашыкча эмоциядан сактайт экен. Өбүшүү убагында адамдын мээсинде көптөгөн эмиоциялык жарылуулар болот, аларды көзөмөлдөп турбаса, сезимдердин көптүгүнөн өзүн жоготуп да коёт экен.

Ошентип, жумулган көздөр менен өбүшүп жатып, адам көмүскө туюм деңгээлинде ашыкча кумарга тоскоолдук кылып, күтүүсүздөн болуп кетүүчү жагымсыз нерселерден сактайт экен.

 

Facebook барагыбызга жазылыңыз