Эмне үчүн коңурук тартабыз? Кантип арылса болот?

Коңурук - кеңири таралган көйгөйлөрдүн бири. Чоңдордун 45% маал-маалы менен коңурук тартышат, ал эми 25% дайыма коңурук тартып уктагандар.

 

 

Адам мурундун таноосунун арткы бөлүгү менен ооздун кекиртек  көңдөйүнөн аба кысылып өткөндө коңурук  тартат.  Бул жерде дем алуу жолунун жумшак  булчуңдары, тил, таңдай жана кичинекей тил жайгашкан. Алар  кандайдыр бир себептерден улам бири-бирине дем алган сайын кептелип калат, аба кирип чыккан сайын жай жана бийик деңгээлде ар кандай ыргактагы үн менен коштолуп турат.

 

 

Коңурук тартуунун өтө көп себептери бар, андан арылуунун да ыкмалары арбын.  Коңурук тартуунун себептери жана анын айыктыруунун жолдору:

 

1. Мурун бүтүү

Мурун аркылуу туура дем алуу жүрөт. Мурундун негизги ролу бул дем алуу жана дем чыгаруу. Аллергия болуп же суук тийип мурун бүтүп калганда аба ооз аркылуу киргенге аргасыз болот. Мындай учурда адам коңурук тартат.

Муну кантип айыктырабыз

Мурун бүткөндө колдоно турган дары-дармектерди колдонуу керек. Ошондой эле  кан тамырлардагы илээшкектерди тазалоочу тамчы дарыларды колдонуу зарыл. Эгер мурундун бүткөнү дарыларды колдонсоңуз деле  жумалап кетпесе дарыгерге кайрылыңыз.

 

 

 
2. Мурун түтүктөрүнүн ийрилип кетиши

Эки таноодогу дем алуучу түтүктөрдүн бири ар кандай себептерден улам (суук тийип, шишип, жаракат алганда) ийрилип калса туура дем кирбей, мурун менен кенен дем ала албайсың.

Кантип айыктырабыз?

Мындай учурда хирургиялык жол менен гана ринопластика салуу менен гана көйгөйдү чечебиз.

 
3. Миндалиндин сезгениши

Миндалиндердин көлөмү чоңоюп кетүүсү (аденоиддер) – бул балдарда көп учурай турган көйгөй. Эгер бала дайыма коңурук тарса отоларингологго сөзсүз кайрылыңыздар, жана миндалинди текшертип туруу зарыл.

Кантип дарылайбыз?

Лор дарыгердин кеңишин угуп, сезгенүүнүн деңгээлине жараша  дарылануу керек.

4. Чалкасынан жатып

Чалкасынан жатып уктаса ооруу эмес, соо кишилер да коңурукту кош тартат. Эң жөнөкөй ыкма -  чалкадан түшпөй, ыңгайлуу жаздык, төшөккө жатып туура абалда уктоо керек. Чалкадан жатуунун адатка айланткандар пижаманын чөнтөгүнө теннис тобун салып койсо, чалкадан түшкөндө өйкөп, адам кырдачынан жатууга аргасыз болот.

 
5. Дарылар

Айрым дары-дармектердин терс таасири менен адам коңурук тартат.  Уктатуучу, тынчтандыруучу дарылар, миорелаксанттар, антидепрессанттар тилдин жана тамак-таңдайдын булчуңдарын көлбүтүп койгондуктан коңурук тартуу пайда болот.

Эгерде дары ичкенден кийин коңурурк тартып жатканыңызды билсеңиз бул тууралуу дарыгерге сөзсүз түрдө айтыңыз. Дарыгер сизге башка дары  жазышы мүмкүн.

 
6. Алсыз булчуңдар жана тубаса түзүлүш

Булчуңдар бошогондо тил тамак тарапка тартылып аба өтүүгө ыңгайсыздык жаралат. Бул абал  өспүрүм чоңойгон сайын билине баштайт. Буга кээде тубаса ооз  түзүлүшү себеп болсо, кээде арарк ичкенден, баңгизатын колдонгон булчуңдар бошошу ыктымал. Айрым учурда коңурук тартууга таңдайдын түзүлүшү себепкер. Кичинекей тилдин адаттан тыш узун болушу дагы коңурук тарттырат. Мындай абал дагы тубаса болушу же дененин оор салмагынан келип чыгышы да мүмкүн.

Дарылоо

Өтө толуп кеткенде кайрадан арыктаса дем алуу нормалдашып, коңурук тартуу дагы токтолот.  Кеп булчуңдардын  бошоңдогонунда болсо  ар кандай дем алуу көнүгүүлөрүн жасап, ырдап калыбына келтирсе болот. Ырдагандын эч кандай зыян жагы жок. Тил өтө узун болуп салаңдап оозго батпай турган көйгөйдө ортодонтикалык аппаратты колдонуу зарылчылыгы келип чыгат. Бул протез тиш сыяктуу уктаар алдында туура кийип алса дем алууга шарт түзүлөт.

Ал эми таңдайга операция жасоо акыркы вариант.  Ал үчүн коңурук тартууга таңдайдын түзүлүшү себеп болуп жатканын так аныктоо керек. Бирок бул жол дагы адам толугу менен коңуруктан кутулат деп кепилдик бере албайт.

Коңурук эмнеге коркунучтуу

Коңурук тарткан адамдан баары качып, аны башка бөлмөгө жаткырып коюшат. Бул эч нерсе эмес, кептин баары коңурук тарткан адамдын ден соолугунда мандем бар экендиги. Апноэ деп аталган  дем жетпей жаткансып оор коңурук  тартуу – бул абанын кармалышы. Уктап жаткан адамдын жогорку дем алуу жолдорунун булчуңдары бошоп, адам 10 секундга чейин дем ала албай калат.

Мындай илдетке чалдыккан адам уктап эс ала албайт, анткени  мээге кычкылтек жетишпей жатканы тууралуу сигнал берилип тургандыктан адам ойгоно берет. Түн ичинде бир нече жолу уктап баратып кайра ойгонуп, терең уктай албайт. Мунун натыйжасында адам дайыма чарчап турат. Эртең менен оозу ачуу даамданып, башы ооруп (арак ичкен кишидей) калат.

Уйку учурундагы – Апноэ жүрөк кан тамыр оорууларын күчөтөт. Бул кооптуу абалды дарыласа болот. Мисалы оорулуулар үчүн  уктап жатканда  толук дем алуу үчүн атайын  СИПАП-аппараттар болот. Андыктан коңурук тартып кыйналсаңыз, уктап эс ала албай, чарчаганды сезсеңиз дароо врачка кайрылыңыз.

 
Коңурук тартып жатканыңды кантип билсең болот?

Коңурук тартканы тууралуу адам башкалардан угат, өзү билбей калышы мүмкүн. Эгер жалгыз жашасаңыз уктап жатканда диктофон коюп коюңуз.

Коңурук тарткандарга кеңеш:
  • Кырдачыңыздан жатыңыз
  • Уктаар алдында спирт ичимдиктерин ичпеңиз. Чылым чегүүнү токтотуңуз. Арак, тамеки түтүнү алкымды сезгендирет.
  • Салмагыңыз нормада болушу керек.
  • Сууктап калсаңыз дыкат дарыланып, дем алуу органдарынын өнөкөт оорууларын дарылаңыз.
  • Ооз гимнастикаларын жасап, кур дегенде ырдаңыз.
  • Тиш доктур, лор  жана  терапевтке кайрылып толук текшерүүдөн өтүп, коңурук тартпаш үчүн аппараттын жардамын алыңыз же операция жасатыңыз.  
  •  

    "Жакты" кнопкасын басып, Facebook
    барагыбызга
    жазылыңыз.
    Биринчилерден болуп бизди окуңуз.