Эмне себептен бөйрөктө таш пайда болот? Буларды кылбаш керек...

Бөйрөктө таштын пайда болушу бул зат алмашуунун бузулушуна байланыштуу. Анын кооптуулугу кандын химиялык курамы жана ораганизмдеги туздуу суунун тең салмактуулугу сакталбай калгандыгында. Зат алмашуунун бузулушу көп ооруулардын жаралышына алып келет, анын ичинде заара жолдорунда таштын пайда болушу. Заарада туздун көбөйгөндүгү кристаллдардын топтолушун шарттайт.

 

 

  • Туздуу сууну көп ичүү. Суу канчалык дат даамданса аны ичкен адамдын бөйрөгүндө таш тез пайда болот. Дат даамданган суу түтүктөрүнүн катуу суу ичкен аймактарда жашаган адамдар бөйрөктө таш оорусунан көп жабыркашат. андыктан мындай катуу ичкен адамдар сууну жумшартуу ыкмасын пайдалануулары керек. мындай учурда сууну фильтрлеп тазалоо керек ошондой эле элдик ыкмалары да колдонууну унутпаңыздар. бул аракеттер аз да болсо бөйрөйктө ташты пайда болууну азайттат.

 

Тамактанууда кетирген каталар. Кыскыл, туздуу, калемпирлүү жана куурулган тамактарды көп колдонуу. Ачуу, ооз дуулдаткан куурулган жана майлуу тамактар зааранын курамындагы кислотаны көбөйтөт. бул бөйрөктө таштын пайда болушуна өбөлгө болот. Ошондуктан тузду артыкбаш колдонбой анан дагы газдалган суусундуктарды ичүүдөн качыңыздар.

 

 

Аз кыймылдуу жашоо...Гиподинамия – бул азыр коомчулуктун көйгөйү. кыймыл-аракеттин жетишсизди көп ооруулардын жаралышына түрткү болот, анткени кан организмге жетишээрлик айланбайт, демек органдарга кычкылтек жана азыктар толук кандуу жетишпейт.

  • Көп жата берген адамдар, керээли кечке олтуруп иштегендер бөйрөктүн таш ооруусуна дайыма кыймылда болгон адамдарга караганда көп чалдыгышат.

Статистикага таянсак, гиподинамия өлүм коркунучун 40%га көбөйтөт.

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.