«Элестет, күндө, сен ойгонгон сайын, сага 86400 доллар берип турса...»

— Элестет, күндө, сен ойгонгон сайын, сага 86400 долларды бир гана шарт менен берип турса: сен бардыгын бир күндүн ичинде коротосуң, коротуп жетишпей калганыңды, сен уйкуга кеткенде алып коет – бул ушундай белек, бирок оюн кайсы бир убакта токтоп калат. Суроо: бул акча менен эмне кылат элең?

 

 

Ал жооп берет: ар бир долларды өзүмдүн ыракатым үчүн коротмокмун, жана бардык тааныштарыма белек берип турмакмын. Ал бул сыйкырдуу банктын ар бир центин, өзүнө жана жакындарына бакыт алып келүү максатында колдонмок, “тааныбаган киши болсо дагы, анткени, 86400 долларды тааныштарыма коротуп жетишиме күмөнмүн: бирок муну менен эмне айткың келип турат?”

— Бул сыйкырдуу банк бардыгыбыз үчүн жеткиликтүү – бул убакыт! Банк – дайым секундалар агып чыгып турган банк. Күн сайын, ойгонгондо, биз 86400 секунд өлчөмүндө насыя алабыз, жана уйкуга жатканда, запас түгөнөт, бир күндө колдоно албай калган секунддар – жоголот. Таң аткан сайын сыйкыр кайра башталат, бизге насыяга кайра 86400 секунд берилет.

 

Биз эреже менен ойнойбуз, аны алдаганга болбойт: банк биздин эсепти каалаган убагында, эскертүүсүз жаап коёт; жашоо каалаган секундунда токтойт. Биз өзүбүздүн 86400 секундубузду кандай колдонобуз? Секунд долларга караганда алда канча кымбат, маанилүү да, туурабы?..

 

Facebook барагыбызга жазылыңыз