Элдер сага чындап ишенээрин кантип билсең болот?

Акыркы убакта ишеним тууралуу көптөгөн талаш-тартыштар болуп келет. Коомдо сабырдуулук менен сактык тенденциясы пайда болду. Бирөөгө бир нерсе айтыштан мурун, адамдар кылдат ойлонуп калышта. Биз жеке нерселерди публикага жайылып кеткенин байма-бай эле көрүп келгендиктен, кандайдыр бир коркунуч пайда болду.

 

Коллегалар же кардарлам менен иштөөдө, ишенбестиктин аягы жаман болоорун билебиз. Бул кардарлардын азайышына алып келээри ачык. Көптөгөн компаниялар кардарлардын ишенимине кирүүгө жан урушат, баро ишенимден чыгып калсаң, кайра калыбына келтириш оор.

Сага чындап эле ишенээрин кантип билсең болот?

Ишеним маалыматтын түрүнө жараша аныкталат. Маалымат канчалык жеке болсо, адам сага ошончолук ишенет. Жеке жашоо туралуу сөздөр шылдыңга, тескери көз караштарга, кемсинтүүгө алып келиши мүмкүн. Ошол эле учурда, карьералык көтөрүлүүгө дагы жолтоо болот.

Биз, жеке маалымат менен өз кызыкчылыгыбыз үчүн бөлүшөбүз. Мисалы, биздин врачка ишенген себебибиз, чындыкты айтып, анын туура дарылашы менен ден соолугубузга кам көрөбүз. Бирок бул сөздөрдү чогуу иштеген адамыңа айтсаң, анда сен ага чоң ишеним артып аткан болосуң.

 

Эгер бирөө сага ушакты ишенип айтса, эмне кылыш керек? Бул сага ишенгендиктин белгисиби? Чындыгында, жок. Бул тил табышуунун аракети деп билсек болот.

 

Элдер сага айткан маалыматты, алардын сага болгон ишенимин ченөө катары кабыл ал. Эгер алар сага ачылса, өзүнүн каталары менен кемчиликтерин сага көргөзсө, колуңан келгенди кылып, анын ишенимин сыйла. Эч качан аны сатып кетпе.

 

Эгер сөз ушакка жетип, башка адам тууралуу терс комментарийлер айтылып башталса, ага катышпа. Мындай сөздөр сага жакпайт экенинен белги бер. Муну ушакчылар түшүнүп, ушакты токтотуп, чын жүрөктөн сүйлөшүп баштайт.

 

Демек, качан адам сага жеке жашоосун ишенгенде, бул бардык жактан жакшы. Анын ишенимин сыйла, себеби, ишенимге татыктуу болдуң. Бул кийин сенин жеке репутацияңа жакшы өзөк болуп берет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.