Эх, кыш, суук... Кыштан кантип чыгабыз

Кыштын суук кыска күндөрү, аяздуу узун түндөрү баарыбызга эле жага бербейт. Жаратылыштын бардык мезгили жакшы дегендей, кышты дагы кабыл ала билишииз керек. Кышында деле спорт менен машыгып, таза абада сейилдеп, кызыктуу иштер менен алектенүү керек.

 

 

Дарыгерлер кышында уйкуну кандыра уктоо маанилүү дешет. Себеби, уйкусу канган адамдын иммунитети кучтүү болот. Витаминдүү азыктарды жеп, жакшы тамактанышыбыз зарыл.

Дүйнөдөгү миллиондогон адамдар анын 75% аялдар жайдын кайра келээрин эске албай эле кышындай жазды эңсеп кыйналып, депрессияга батышат. Кыш менен кошо жан дүйнөбүздүн жарыгы өчүп калгандай да сезилет. Окумуштуулар мунун баарына мээге темир заты жетишсиз болуп калганынан дешет. Кышында мээге  керектүү мелотинин-гормону азаят, бул гормон адамга жакшы маанай жана сергек уйку берет. Күндүз мелотонин азайып, серотонин көбөйөт, түнкүсүн тескерисинче.

Кышкысын  суук көчөлөрдү кыдыруу пайдасыз, андан көрө жылуу үйдө пайдалуу китептерди окуганыбыз жана уйкуну кандыра уктаганыбыз дурус.

Көпчүлүк аялдарда күндүн нуру азайганда метаболизм заты да азайат, андыктан кышкысын аялдар көп кыймылдап, спорт менен машыгышы маанилүү. Кыймыл-аракет көңүлдү көтөрүп, кадыресе денеге күч берет. Кышында фаст-фуд, газдалган суулар, полуфабрикат азыктар, кондитердик жана колбаса азыктарын колдонбоңуздар. Кышкысын кайнатылган, бууланган азыктарды көп жеш керек. Куурулган азык жана  жогоруда саналган азык-түлүктөр ансыз да кыйналган, үшүгөн организмдин зат алмашуусун ансайын кечеңдетет.

 

Касым ЖОЛДОШБЕКОВ

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.