Эгерде сиздин сүйүктүүңүз тескери карап уктаса, анда анын мааниси мындай...

Сүйүктүү адам сиз үчүн кандай кандай позада уктоо ыңгайлуу экендигин билет. Адатта, ар бир өнөктөштө төшөктүн өзү жагы, жаздыгы, адаттары болот.

 

Бирок жолдошуңуз сизге аркасын салып уктасачы? Бул анын сизди сүйбөй калгандыгын билдиреби? Же, тескерисинче, ал өзүнүн сезимдерине ушунчалык бекем ишенгендиктен, ага ар дайым эскертип турунуун кереги жокпу?

Бул суроо сизди гана кызыктырбайт. Хертфордшир университетинин (Улуу Британия) окумуштуулары жубайлардан кантип уктаганын билүү үчүн сурамжылоо жүргүзүшкөн.

Алардын алган жыйынтыктары мындай болду:

• тетири карап уктагандары - 42%;
• бир тарапка карап уктагандары (кучакташып же кучакташпай) - 31%;
• бири-бирин карап уктагандары - 4%.

Бирок эң негизгиси уктагандардын ортосундагы аралык экен.

Изилдөөгө ылайык, бири-биринен 2,5 смден алыс эмес (12%) уктаган адамдар, 76 смден ашык (2%) аралыкты кармаган адамдарга караганда мамилеси бир топ бактылуу болуп чыкты.

Көрсө, белгилүү бир позада жаткандан көрө, физикалык контактты сактоо алда канча маанилүү экен. Анткени, жакындык комфорт жана коопсуздук сезимин жаратат.

Эгер өнөктөшүңүз сизге аркасын салып жатса, анда ал сүйүүнүн да, ишенимдин да белгиси. Демек, ал сизди өзүнүн жеке мейкиндигине киргизүүдөн коркпойт.

Бул сиздин мамилелериңиз туруктуу деңгээлге жеткенин билдирет.

Бирок, физикалык контакттын маанилүүлүгүн унутпаңыз! Канчалык алыс аралыкта уктаган сайын, мамилелериңиз да сууп баштайт. Ал эми канчалык жакыныраак (кучакташууга карабастан) болсо – мамиле да күчтүү болот.

 

Кандай дейсиз? Чындыкка жакынбы?

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.