Эгер ушул азыкты пайдалансаңыз, организмиңиз сизге рахмат айтмак

Адамдарга дарычылык жагынан эң пайдалуу Кара зире же Nigella sativa өсүмдүгүнүн үрөнү экени бизге белгилүү. Эгерде сиз «римдик корианд», «кара кунжут», «пияз уругу» же «кара урук» деген түшүнүктөрдү уккан болсоӊуз (сырткы кебетеси үрөндөй болгон) анда бул кара зире.

 

 

 

Nigella sativa аттуу үрөндөрдөн алынган май Тутанхамон мүрзөсүндө табылган, 3300 жыл мурун жасалган кара зиренин эӊ алгачкы өстүрүлүшү жана пайдалануусу тууралуу жазуулар да ошол жерде табылган. Арабдарда зире «батанын уругу» катары белгилүү, ал эми Мухаммед пайгамбар болсо кара зирени өлүмдөн башка баардык оорулардын дарысы (дабасы) деп саначу. Чын эле ушундайбы? - деген ойду билиш үчүн келгиле жакыныраак таанышып көрөлү.

Кара зиренин фармакологиялык касиети:
Зиренин пайдалуу жактарынын тизмеси көрүнүктүү, кара үрөн ууч таблетканын ордун алмаштыра алат жана төмөнкү касиеттерге ээ:
•    ооруну басаӊдатууга;
•    бактерияларга каршы;
•    сезгенүүгө каршы;
•    вируска каршы;
•    антиоксиданттык;
•    грибокторго каршы.

 

Чындыгында бул кара зиренин пайдасынын кеӊейтилген тизмеси. Анын көп кырдуулугу таӊ калтырат, ар бир учурда ар кандай дарылык биологиялык жактан таасири бар. Эми биз кара зиренин ар кандай мүнөздөгү ооруларга көрсөтүлгөнүн санасак:
 - 2-типтеги кант диабети. Бир күндө 2 грамм кара зиренин пайдасы, глюкозанын көрсөткүчүн түшүрөт, бул болсо инсулинге каршылык көрсөтөтүүнү азайтат дегенге барабар.
 - Helicobacter Pylori жарасы (он эки эли ичегинин, ашказан ичиндеги бара бара жарага айлануучу бактериясы). Зирени пайдаланууда бактерияга каршы аябай жакшы таасирин берип, бул бактериялардын пайда болуш коркунучун азайтат.

 

 - Талма оорусу. 2007-жылдары изилдөө жүргүзүлүп, анда зиренин суу менен кошулмасы күнүмдүк дарылардын пайдалануусуна караганда балдарда талма менен калтыроонун активдүүлүгүн азайтаарын далилдешкен.

 - Гипертония. Кара зирени 2 ай тынымсыз пайдаланууда оорулуунун кан басымынын башталгыч гипертониясын калыптандырат.

 

 - Бронхиалдык астма. Тимохинон бул кара зиренин бир бөлүгү болуп, пайдалуулугу боюнча астма оорусу менен ооругандардын эӊ негизги дарысы болгон флутиказондон да жогорку таасирдүү экендиги изилдөөдө белгилүү болгон. Азырынча зиренин кошулмасы бар дары жок, бирок анын тундурмасы менен астманы алдын алууга болот

 - Алтын стафилококко кара зире бактерияларга каршы күрөшөөрү дадилденген факт.

 

 - Кара зире рак ооруларын дарылоодо да өзгөчө мааниге ээ, химиялык травмаларга да, наркотикалык көз карандылыктарды чектөөдө, жада калса арыктоого да жардамы тиет.

Пайда жактары көп экенин билгенден кийин пайдалангыӊ келет. Бирок эскертебиз, өзүӊөрдү өзүӊөр билүү менен пайдаланбастан, сөзсүз түрдө дарыгерден кеӊеш алганыӊыз дурус. Андан көрө эч качан оорубаӊыз!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.