Эгер сиз интим зонаңызды кырсаңыз, анда муну сөзсүз окуп чыгыңыз

Интим зонаңыздагы түктөрдү кырдырбоонун чыныгы себептери:

 

 

 

№1: Алар дене температурасын башкарууга жардам берет

Түктөр дене температурасын жөнгө салууга жардам берээрин баарыбыз билебиз, бирок кандай жардам берет? Түктүн фолликулалары тер бөлүп чыгарууда жардам берет. Ар бир түк фолликуласында май бездери бар, алар түккө май бөлүп чыгарат, бул болсо майлардын теринин бетине чыгышына шарт түзөт. Бул май бууланып терини муздатат.

№2: Алар чындыгында сизди коргойт

Интим зонадагы түктөр сизди оорулардан жана тери көйгөйлөрүнөн сактайт. Башка коргоолордун катарында, ал чаң жана патогендик бактериялар сыяктуу бөтөн бөлүкчөлөрдүн киришин алдын алат.

№3: Алардын курамында феромондор бар

Илимпоздордун айтымында, интим зонадагы түктөр феромон деп аталган секрецияны сактайт. Адамдарды бири-бирине кызыктырып тарткан зат ушул. Тердегенде организмде феромондор көбүрөөк бөлүнүп чыгат жана бул бөлүп чыгаруучу заттар интим зонадагы түктөрдө сакталат.

№4: Жыныстык сөөлдүн пайда болуу коркунучу жогору

Жыныстык органдардын сөөлү интимдик зонага жакын жайгашкан. Сөөлдөр бүдүрчөлөр же теринин өсүшү сыяктуу пайда болот. Алар негизинен ак жана тыгыз болот. Көбүнчө, жыныстык сөөл менен ооруган адам анын бар экендигин билбейт. Эгерде сиз алиги жериңиздин түгүн кырып салсаңыз, анда өзүңүзгө жыныстык сөөлдөрдү жуктуруп алуу коркунучун жогорулатасыз.

№5: Сизге molluscum contagiosum (вирустук инфекция) жугушу мүмкүн

Жыныстык түктөрдү кыруу же мом менен тазалоо вирустук инфекцияга чалдыгуу коркунучун жогорулатат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жылаңач жыныс мүчөлөрү сиздин денеңизге оорунун келип чыгышына мүмкүнчүлүк берет. Моллюскум жугуштуу оорусу оңой жайылат деп айтылат. Вирус биринчи кезекте кыруудан пайда болгон дүүлүгүүнү тырмоодон улам, тырмак аркылуу өзүнө-өзү жуктуруп алуусу мүмкүн деген божомолдор бар.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.