Эгер өлгөн тууганыңыз же таанышыңыз түшүңүзгө кирсе, эмнеден кабар бергендиги

Бул жакшылыккабы же жамандыккабы?

 

 

 

 

Кээде түшүбүзгө бул дүйнөдөн көзү өтүп кеткен туугандар кирет. Мындай түштөр дайым кандайдыр бир олуттуу өзгөрүү болоорунан кабар берет. Бирок өтө кабатырланып кереги жок. Көпчүлүк убакта мындай "коноктордун" аркасынан ийгилик келет.

Мындан сырткары, эгер ал адам жакында эле көз жумган болсо жана анын өлүмү сиздин эсиңизден кете элек болуп көп ойлонуп жүрсөңүз, анда мындай түш болгону сиздин ойлорду чагылдырат. Мындай түштөр эч кандай деле маани бербейт.

 

Башка убактарда, эмнеге мындай түш киргени тууралуу ойлонсо болот. Psychology Today журналына таянып карасак, адатта адамдар түшүндө төмөндөгүлөрдү көрөт:
- Өлгөн адам тирүүсүндөгүдөй эле, бирок жашыраак жана саламат түрдө кирет.
- Ал тирүү адамдарга, анда баары жакшы экенин көрсөтөт. Ошол эле кезде бир да сөз сүйлөбөйт, маалыматтар телепаттык түрдө берилет.
- Мындай түштөр реалдуулукка окшош, ойгонгондо адам баарын, майда деталдарга чейин эстеп калат.

 

 

Мына бул себептерден улам көзү өткөн адамдар түшкө кириши мүмкүн:

- Өлгөн адам кечирим сурагысы же анын өмүрүндө кабатырланткан көйгөйдү чечүүгө жардам сурагысы келет.
- Ал бир нерсени алдын ала эскертет, кеңеш берет же коргоочунун ролунда болот.
- Өлгөн адам өлүмдөн кийин да жашоо бар экенин көрсөткөнү келет.
- Ал, анда бардыгы жайында экенин, коопсуздукта экенин көрсөткөнү келет.

 

 

Эсиңизде болсун: эгер түшүңүздө өлгөн адам тирүүдөй келип жана кандайдыр бир кеңештерди берсе, аны угуңуз. Алар сиздин күмөндөрдү жана ички чочулоолоруңузду жоюп, конфликтерди жана көйгөйлөрдү чечкенге жардам берет.

Ойгонгондо атын атап куран окуп койгонду унутпаңыз!

 

 

Сиздин түшүңүзгө да көзү өтүп кеткен адамдар киреби? Жашооңузда кандайдыр бир өзгөрүүлөр болгонун байкадыңыз беле?

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.