Эгер машинанын эшигине кысылган монетаны көрсөңүз, токтоосуздан алып салыңыз

Дайым сак болуңуз жана отуруп айдап кетээрден мурун, машинанын бардык эшиктерин карап текшерип коюңуз. Ууруларда, балким сиз али уга элек жаңы фишка популярдуу боло баштаптыр.

 

 

 

Бандиттер ого бетер бетпак болуп баратышат жана машинаны тоноонун улам жаңы ыкмасын ойлоп табышууда.

Машинага отураардан мурун, анын бардык 4 эшигин текшерип коюңуз. Балким эшиктин ручкасына монета кысылып турган болбосун?

Эгер бул нерсени коё берип койсоңуз, эч нерсе деле болбошу мүмкүн. Кызыктын баары түндөсү, сиз үйгө келип токтогондо болот.

Үйгө кирип кетесиз жана эч нерседен кабатырланбайсыз: анткени машинаны пульт менен бекиттиңиз да. Бирок, монетанын айынан, бир да эшиктин кулпусу бекилбей калат – ууру болсо өз машинасына киргендей эле кирип кетет.

 

Коопсуз болуш үчүн дайым машинаны бир тегеренип эшиктерин карап коюп жүрүңүз!

Мурдараак, уурулардын дагы бир ыкмасын жазганбыз: дөңгөлөккө кыпчытылган пластик бутылка тууралуу.

 

Бул маалыматты досторуңуз менен бөлүшүңүз, алар да биле жүргөнү туура! Коопсуздук – коллективдүү иш!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.