Эгер бул 13 нерсени кылсаң, анда башың менен эмес, жүрөгүң менен ойлоносуң

1. Айрылышуу сени өзүңөн чыгарып салат. Сен андан сабак ала албайсың, өз каталарыңды жана анын кемчиликтерин көрө албайсың. Болгон сенин ойлогонуң – аны канчалык катуу сагынгандыгың, канчалык аны кучактагың келгендиги. Айрылышуу эң жакшы жол деп сага ал айтып жатканда, өз акыл-эсиңе көңүл бурбайсың. Сен өзүңдүн кансырап турган жүрөгүңдү гана угасың.

 

 

2. Сени эмнеге кандайдыр бир адамдарга тартып турганын түшүндүрүп бере албайсың. Бирөөгө кызыгып калганыңды түшүндүрүп жатканда, сенин так түшүндүрмөң жок. Себеби ал сөзсүз эле анын акылдуу, же шайыр болушунда эмес. Сен болгону өзүңдү анын жанында бактылуу сезесиң.

3. Сага сүйүү идеясы жагат. Сен башы отуң менен романтиксиң. Роза менен шоколаддын сүйүүчүсү. Башкалардын, муну келесоолук деп атаганы сага маанилүү эмес. Ал сага сүйкүмдүу көрүнөт.

4. Сен өзүңдүн бардык сырларыңды айтасың. Өтө ишенчээксиң. Жаңы дос таптың эле, болгон нерсеңди айтып бересиң. Ал кеткенден кийин, бул бейтааныш бардык сырларымды билет деп, жагымсыз абалда каласың.

5. Сен экинчи мүмкүнчүлүк бересиң. “Мурункуңду” кечирбеш керек экенин билесиң. Анын ким экенин, кандай ууландырган адам экенин билесиң. Бирок ал жалдырап кечирим сурап турса, сен аны кечиресиң. Аны жашооңдон чийип салгыдай, анчалык ташбоор эмессиң.

6. Сенин интуицияң күчтүү. Аны түшүндүрө албайсың. Ага сенин логикалык түшүндүрмөң жок. Бирок, кандайдыр бир жол менен сеники дайым туура чыгат.

7. Сени өтө эмоционалдуу деп санашат. Бактылуу кезиңде, кубанычыңды койнуңа ката албайсың. Көңүлүң чөгүп турганда, сааттап ыйлай бересиң. Башыңан күчтүү эмоцияларды өткөрөсүң. Жана алар бат-баттан алмашып турат.

8. Сокур кыялга ишенесиң. Баарын ойлонуп туруп кылбайсың. Эгер кимдир бирөө сени бактылуу кылып аткан болсо, алдыга, натыйжасы кандай болоорун ойлонбой кадам таштайсың. Ошол кездеги көз ирмемге ыракаттанасың.

9. Белгилерге ишенесиң. “Мурункуңа” кат жазганга белги. Жаман бир нерсе болоорунан белги. Кимдир бирөө түшүңө кирсе, жөн жерден эмес.

10. Эч нерсеге өкүнбөйсүң. “Мурункуң” менен жолукканыңа кубанасың, ал бейопалык кылып, жүрөгүңдү жаралантып кеткен күндө да. Сенин мыкты курдашың болгонуна сүйүнөсүң, сени качандыр бир кезде сатып кетсе да. Сен аягы бактысыз бүткөн жыйынтыкка бактылуу эскерүүлөрүңдү бузганга жол бербейсиң.

11. Сен дайым баарын туура кыласың. Аң сезимиң сага эң оңой жолду танда деп турса да, каалаган нерсеңе жетүү үчүн амалданып, жеңил жолго барбайсың. Антсең, өмүр бою өзүңдү күнөөлүү сезип өтөсүң.

12. Көп ыйлайсың. Жагымсыз кабар укканда, ичти элжиреткен көз ирмемдерде, драматикалык фильм көргөндө.

13. Өзүңө караганда башка адамдарга көп кайгырасың. Сен жүрөгүң менен ойлоносуң, бирок аны ойлоп койбойсуң. Башкалардын жүрөгү жөнүндө ойлоносуң. Алардын капаланышын каалабайсың. Анын айынан өзүң жапа чеккен күндө дагы, бардыгына кубаныч тартуулагың келет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.