Ээсине кайгы менен азап алып келүүчү 6 зер буюм

Дээрлик баардык аялдар жана кээ бир эркектер кымбат баалуу жасалгалар алдында алсыз болушат. Бул буюмдарды ар кандай жол менен алышат: кээ бирин сатып алышса, кээ бирин белек катары алышат. Көчөдөн таап алгандар да жок эмес. Моюнга шуруну же билекке билерикти тагып жатып адамдар бул жасалгалар кайгы менен азап алып келээрин ойлонушат болду бекен?

Ээсинин жашоосундагы окуяларга терс таасирин тийгизчүү 6 кымбат баалуу жасалгалар.

 

 

Таап алган жасалгалар

Мындай жасалгалар "лотерея" сыяктуу. Ийгилик алып келиши мүмкүн же тескерисинче бактысыздык алып келет. Мурунку ээсине жараша болот. Ичинен тагынган крест өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Бул буюм даана ийгилик алып келбейт. Тезирээк кутулуш керек. Алтынбы, күмүшпү, бриллианты барбы айырмасы жок, жакшы нерсе күтпөй эле коюш керек.

Уурдалган жасалгалар

Уурдап алган адамга жасалгалар жакшылык деле алып келбейт. Илгертен ууру ээсинин баардык жамандыгын жана оорусун кошо алып кетти деп ишенишкен.

Ломбарддан алынган жасалгалар

Бул жерде белгилей кетчү нерсе, адамдар жыргаганынан ломбардга жасалгаларын өткөрбөйт. Трагедиялуу же кылмыш менен коштолушу да мүмкүн. Ээси сыяктуу эле жасалга да терс энергетика алып жүрүшү мүмкүн. Эски ээсиндей эле финансылык кыйроого алып келиши мүмкүн.

 
Кыянат кылган адам тартуулаган жасалгалар

Кымбат баалуу жасалгаларды кээде тамак менен салыштырышат. Көңүлү жок жасалган тамак сиңирүүнүн бузулушуна (жүрөк айлануу, кусуу, ич өткөндүк) алып келет. Ошондой эле жаман ойлуу адам берген жасалга кырсык алып келиши мүмкүн. Көпчүлүк бул билдирүүгө кошулбайт, бирок, "каардуу кайненеси берген сөйкө азап, кайгы алып келди",- деп ыйлап жүргөндөрдү жолуктурганга болот. Же ичи күйгөн кесиптештери берген шакектен кийин ар кандай ооруларды чогултуп баштаган мисалдар толтура. Адистер чын жүрөктөн берилбеген белек жашоону толук өзгөртөт деп ишенишет, бирок жакшы жакка эмес.

 
Жасалма таш менен жасалгалар

Ар кандай жасалгаларды зер буюмдарды кооздогон жасалма таштар арзан туруп, накта таш менен эч кандай тиешеси жок.  Көпчүлүк жасалма таш кантип азап-кайгы алып келет деп ойлойт. Жообу жөнөкөй. Накта таштар көп убакыт жер астында жатып жаратылыштын күчтүү энергетикасын өзүнө топтойт да, анан ээси менен бөлүшөт. Ал эми жасалма ташта бөлүшө турган эч нерсе жок. Алар тескерисинче ээсинин энергиясын соруп баштайт. Адистер жасалма таш менен болгон жасалгаларды узак убакыт тагынбашыңызды сунуштат. Асыресе тумар жасаганга болбойт.

 
Үй-бүлөлүк жасалгалар

Көп кылымдан бери кымбат баалуу жасалгаларды муундан муунга өткөрүп берүү салты бар. Бул жөн жерден эмес. Бул буюмдар, өзгөчө ташы барлар энергетиканы кылымдар боюнча сактап, өткөрүп бере алат. Үй бүлөлүк жасалгалар ийгилик алып келет жана коргоочу да болот. Ошондуктан ал жөнүндө көп деле айта беришпейт.

Кээде ар кандай себептер менен үй бүлөлүк жасалганы сатканга туура келет. Таптакыр болбойт! Ийгилигин, тагдырын, ооруларын өткөрүп берген болот. Саткан адамга орду толгус зыян, ал эми келечектеги муунга каргыш алып келет деп ишенишет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.