Эч кимге окшобогон 9 айым

Дүйнөдө 3,8 млрд аялзаты бар. Анын бир өз алдынча сулуу, кайталангыс. Бирок, өзгөчөлөнгөн аялдар бар, алардын башкаларга такыр окшобогон бөтөнчөлүгү тууралуу айтып өтөлү. Аларга табият өзгөчөлөнтүп касиет тартуулаган, айрымдары өздөрүн машыктырып олтуруп ушул деңгээлге жетишкен.

 

 

 

1. Эң узун буттар

Америкалык Лорен Уильямстын укмуштай узун шыйрактары дүйнөдөгү эң узун бут болуп саналат. Анын боюнун узунду 190, ал эми бутунун узундугу 124 см. Денесинин 65% түзөт. Жаш чагында Лорен волейбол ойноп, андан соң  Гиннес китебине кирип, модель болууга да үлгүргөн. Ал узун шыйрагынын азабын көп тартат, самолётко түшкөндө, машинага олтурганда кыйналат. Дүкөндөрдө ага чак кийимдердин табылышы да кыйын.

2. Ичке белдүү Пикси

Пикси Фокс  - кындай белдүү айым катары таанылган. Жогорку билимдүү, инженердик кесиптин ээси белин ичкерткенге чейин Швецияда жашачу. Пикси дайыма жылдыз жана модель болууну кыялданып жашаган. Ал атактуу Джессика Рэббитке окшогусу келээр эле. Пикси кыялын ишке ашыруу үчүн  125 миң доллар жумшап ондогон операцияларды жасаткан Фокстун белин 36 сантиметр кымча кылуу үчүн анын 6 кабыргасын алып ташташкан. Ошондуктан ал дайыма корсет кийип, суюк гана тамак ичиет. “Сулуулук курмандыкты талап кылат” деген сөз Пиксинин окуясына дал келет.

 
3. Саксайган афрочач ээси

АКШнын жараны 38 жаштагы Эйвин Дугас саксайган укмуштай чачы менен мактана алат. Анын чачынын узундугу 132 см. Эйвин тармалдашкан афрочачын 14 жыл өстүргөн. Жаш кезинде Дугас чачын түз кылууга далай ирээт аракет жасаган. Акыры табият берген чачы жакшы экенин түшүнүп, өстүрө баштаган. Анын чачы азыр негр айымдарынын кыялына айланды. Азыр Эйвин Гиннес китебине киргенине сыймыктанат. Албетте бул чач ага көп убаракерчиликти алып келет. Чачты жууш эле канча машакаттуу, бир жууганга бир бөтөлкө шампунь керектелет. Кургатканга 2 күн убакыт талап кылынат.

 
4. Буту жок чемпион

Америкалык спортчу айым, актриса и модель Эйми Маллинз 1996-жылдагы Атлантта өткөн Паралимп оюндарынын катышуучусу. Тубаса гемимеллия илдетинин азабынан анын эки бутун тең кесип ташташкан. Эйми бул туурасында: «Апам мага бала чагымда мен башкалардай эместигимди айткан. Мен эч убакта өзүмдү бактысыз сезген эмесмин” деп эскерет. Университетте окуп жүргөндө Эйми дени чыэ курбулары менен тең жарышып мелдештерге катышып, жеңишке жетишкен.

 1999-жылы Александра Маккуинанын кийим көргөзмөсүндө модель болуп чыккан. Маллинз People журналы жарыялаган планетадагы эң сулуу 50 адамдын катарына кирген. Майыптыгына карабай Эйми чоң ийгиликтерди багынткан адам катары каалоочуларга лекцияларды окуп келет.

 
5. Ийилчээк кыз

Юлия Гюнтель — дүйнөдөгү эң ийилчээк ийкемдүү кыз. Гиннес китебине Юлия укмуштуудай ийилчээктиги менен кирген. Ал 50 сантиметрдик коробкага 175 узун бою менен жылаандай оролуп жатып калганда көргөн адамдардын оозу ачылган. Азыр Юлия Германиядан “Злата” деген ысым менен сахнага чыгып ийилчээктиги менен көрөрмандарды таң калтырып жүргөн учуру.

 
6. Эң күчтүү

Польшалык Анета Флорчик дүйнөдөгү эң күчтүү айым. 16 жашынан тартып Анета пауэрлифтинг менен машыгат,  2000-жылы ал Европа чемпиону болууга жетишкен. Дүйнөдөгү эң күчтүү айым катары 4 ирээт чоң жеңишке жетишкен Анета 5 даана көмөчтанды 1 мүнөттө ийип койгондугу үчүн Гиннес китебине кирген.

7. Эң узун чачтуу

Ксие Квипингттин чачынын узундугу 6 метрге жетет. Дүйнөлүк рекордду багынтуу үчүн ал чачын 13 жашынан бери бапестеп өстүрүп келген. Ал чачын күнүгө карап, тарап, сылап-сыйпап багат.

 
8. Эң узун айым

Сунь Фан дүйнөдөгү эң узун аял. Анын бою 221 см. 1987-жылы Кытайда төрөлүп, Ухань университетин бүтүрүп 7 жыл менеджер болуп иштеген.Фан спорт менен машыгып, музыканы сүйөт. Концерттерге катышат.

9. Эң картаң...

КанэТанака Жер планетасынын эң карыя айымы жакында 116 жылдык мааракесин белгилейт.  Алв 1903-жылы туулган, Экинчи дүйнөлүк согушта күйөөсү менен күрүч токочторду сатып иштеген. Согушта күйөөсү каза болуп,  Канэ дүкөндө 63 жашка чейин иштеген. 103 жашында рак илдетине чалдыгып, оорууну жеңип чыгат.

Танаканын узак жашоосунун сыры үй бүлөсү ынтымактуу, өзү туура тамактанып, жакшы уктап, келечекке үмүт артып жашайт. Каллиграфия менен алектенип, ыр жазат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.