Эч качан сыкканга, жулганга жана чукулаганга болбогон денедеги 5 участок

Көп адамдарда өз денесин өркүндөтүп турууга болгон аракети болот: безеткини сыгып салып, ашыкча түктү жулуп салып дегендей. Бирок, безеткини сыгуу, ден соолук үчүн көйгөй жаратышы мүмкүн экенин билсек дагы, аны жайына коё албайбыз. Ошондой эле, тийбей эле койчу дагы бир нече участок бар.

Алар тууралуу ойлонбойбуз деле, керек болсо, шектенбейбиз дагы!

 

1. Ак чач

Чоң апалардын айтканы бар: ак чачты жулба, ордуна 10 ак чач чыгат, деген. Албетте, бул миф, бирок ак чачты жулбоочу себеп бар. Чачты жулуу менен сиз чачтын фолликулуна доо кетиресиз, анын ордунда берч калып калат да, ордуна 10 эмес, бир да чач өспөй калат. Ал тегерегиндеги чачтарга тарабайт деген кепилдик жок. Демек, ак чачтан арылам деп атып, тазга айланышыңыз мүмкүн.

2. Тырмактын түбүндөгү тери

Теринин болгону бир кесими көп жагымсыздыктарды алып келиши мүмкүн. Тырмактын түбүндөгү терини тиштегилебегиле жана кескилебегиле, мындай жол менен оңой эле инфекция киргизип аласыз. Өтө кылдаттык менен, таза жана стерилденген маникюрдук аспап менен, сыйрылып калган терини гана кесип салганга мүмкүн.

 
3. Кара точкалар

Тешикчелерге толуп алган жагымсыз кара точкалардан баарыбыз эле арылгыбыз келет. Бирок, өзүбүздүн ден соолук үчүн, өз колубуз менен кылган болбойт. Беттин сезимтал терисине травма кетирип алышыбыз мүмкүн жана тырык калтырып, андан да жаманы, инфекция киргизип алышыбыз мүмкүн. Косметологго кайрылыңыз, ал кылдаттык менен жана териге доо кетирбей, алардан арылтат.

 
4. Сары суу

Көпчүлүк убакта сары суу өзү эле кетет жана анын ээсине эч кандай коркунуч жаратпайт. Бирок сары суу ыңгайсыз жерге толуп алган болсо жана басканда ыңгайсыздык жаратса, аны жарып чыгарыш керек болот. Бирок, аны туура кылыш керек. Бутту таза жууңуз, сары суу толгон жерди жана ийнени дезинфекция кылыңыз, ошондон кийин гана кылдаттык менен терини жарыңыз.

 
5. Чиркей чаккан жер

Ооба, кычышканынан уктай албай чыгышыңыз мүмкүн. Бирок кол менен көп тырмай бербеңиз. Кичинекей чийин кылып алсаңыз да, дүүлүгүп турган жерге инфекция оңой кирет. Эң жакшы чечим, курт-кумурскалардын чакканына каршы лосьен сүйкөңүз же муз басыңыз.

 

Кээде, организмде болуп жаткан табигый процесстерге кийлигишпей койгон жакшы, эгер муктаждык жаралса, өтө кылдат болуңуз, же адистерге кайрылыңыз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.