Дженнифер Лопес провокациялык көйнөктөрү менен болгон жерин көрсөттү

Жакында Дженнифер Лопес Super Bowl кубогу астында Super Saturday Night аталган чоң концертин берди. Кеченин конокторуна 48 жашар ырчы унутулгус шоу көрсөттү.

 

 

Сахнада Джей Ло өзүнүн бир нече негизги хиттерин аткарды жана... сегиз жолу кийимин алмаштырды.

Бизди өзгөчө таң калтырганы – чапталышкан леопард комбинезону, жалтырак кызыл көйнөгү жана бахрама көк көйнөгү. Ар бир кийим Лопестин белгилүү формаларын эффективдүү белгилеп, күйөрмандарын жыргатты.

Айта кетсек, Super Saturday Night - кайрымдуулук концерти болгон, андан түшкөн каражат Hispanic Federation фондуна түшкөн. Джей Ло менен бирге, ал кийимдерин алмаштырып турганча Dj Khaled да ырдаган.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.