Дүйнөнү шок кылып, адамдын үрөйүн учурган 16 сүрөт

Адамзатта өмүр бою эсинде кала турган кээ бир учурлар жок эмес. Тилекке каршы, алардын баары эле бактылуу көз ирмемдер эмес. Алар караӊгы, эстегиӊ келбеген, коркунуч сезим пайда кылган болушу мүмкүн.  Кээде бул нерсени унутууга мүмкүн эмес, турмуш жолунда канчалаган кыйын кез басып өткөнүн эске салуу максатында да эскерүү болушу мүмкүн.

 

 

 

Испан сасык тумоосунун жалыны

1918-жылы бул оору күчөп дүйнө жүзүнө жайылып, анын кесепетинен 17 миллиондон 100 миллионго чейин адам каза тапкан.

Атлантикадагы кулчулук соодасы

Бул сүрөттө 1869-жылдагы Дафна аттуу Британ кемесиндеги жаш балдардын кулдукка сатылып жатканы тартылган. Бактыга жараша алар кийин куткарылган.

Ыйлап турган жаш жоокер

Сүрөттө тартылган гитлерчи Ханс Георг Хенкке аттуу жигит. Ал Германия багынып жатканына аябай коркуп жаткан мезгили.

Мадам Тюссонун манекендери

Бул момдон жасалган реалдулукка жакын манекендер Лондон музейиндеги өрттөн жабыркашкан.

Берлин дубалындагы куткаруу

Бул сүрөттө, немец жоокери ата энесинен айрылган чыгыш жакта турган наристени куткарып калат. Наристеге боору ооругандыктан, тыюу салынганына караган эмес.

Хиросимадагы бомбалоо

АКШ Япониянын Хиросима шаарына атом бомбасын таштаганда, согушуу ыкмалары түбөлүккө өзгөрдү. Сокку ушунчалык күчтүү болгондуктан, көп адамдар жөн эле ордунан жок болуп кетишкен.

 
Уильям Сондерстин сүрөтү

Ал кытайга накта эмес баш алуу процессин сүрөткө тартууга барган. Бирок Улуу Британиянын Кытайды басып кирүүсүнө ушул сүрөт эле жетиштүү болгон. Балким цивилизация алып келебиз дешкенби, айтор...

Ачка монгол аялы

Тхи практикасы 1913-жылы кайрадан башталган. National Geographic журналы аны жарыялоону чечти. Ошол мезгилде адамдарды жазалоо катары клетканы колдонуу көп кездешкен.

Ачарчылык

Дүйнөдөгү эң коркунучтуу ачарчылык Украинада болгон. 1933-жылы Харьковдун көчөлөрүндө ачкачылыктан каза тапкан адамдардын сөөгүн көрүү адатка айланган

 
Кит Сепсфорд

Кит Сепсфорд, 14 жаштагы Австралиялык бала, Токиого учуп бара жатканда Сиднейде учактан 200 метр бийиктиктен  секирип өлгөн.

Убактылуу өлүккана

Сыйлыкка ээ болгон бул сүрөт, 2010-жылы Гаитиде өлгөн наристени убактылуу өлүккана боло турган жерге ыргытып жатканын чагылдырган.

 
Судандагы ачарчылык

Бул сүрөттү 1993-жылы Джеймс Нахтвэй Суданда таркан. Ал тамактануу борборунун жанында тартылган

Лингчи кытай жазасы

Лингчи - ошол мезгилде Кытайда кеңири таралган өлүм жазасынын бир ыкмасы . Мында адамдын терисин 1000 жеринен кесип адамдын жай, кыйналган өлүмүнө алып келет.

 
Шанхай наристеси

Бул бала Экинчи Дүйнөлүк Согуштун курамына кирген Экинчи Кытай-Япон согушунун курмандыгы болгон. Наристелерп баш калкалоочу жай талкаланып, бирок бала аман калган.

Фашисттик концлагерь

Берген-Бельзен лагеринде 50 миңден ашык адам курман болгон. Чындыгында, бул жерде курман болгондордун бири Анна Франк да болчу

Өрттөн качуу аракети

Бала багуучу менен кызды өрт өчүрүүчүлөр куткарып алышмак, бирок алар ага чейин эле дүрбөлөңгө түшүп, качып кетүү керектигин сезишкен. Тилекке каршы, өрттөн качып түшүүчү шаты сынып кетип, бала багуучу каза болуп, бала аман калган.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.