Дүйнөдөгү эң жагымдуу 30 сезим. Бакыт – майда нерседен башталат

Сезим – биздин жашоонун маанилүү негиздеринин бири. Жыттар, даамдар, тийүүлөр жана текстуралар бизди күндө курчап турат. Жашоодогу негизги биле турган нерсе – рахат алууну үйрөнүү жана бакытты эң жөнөкөй нерселерден табуу. Денең менен тийген нерседен, аңкыган атыр жыттан же даамдан. Бил тизмекке 30 эң жагымдуу сезимдер кирди:

 

 

1. Узак күндөн кийин ыңгайсыз бут кийимди чечүү.
2. Ымыркайды жылмакай, жумшак бетинен өбүү.
3. Бетиң менен муздак жаздыкка жатуу.
4. Сүйүктүү ысыктыктагы душтун алдында туруу.
5. Сүйүктүү тамагыңдан ооз тийүү.

6. Узак күндөн кийин же уйкусуз түндөн кийин төшөккө кулоо.
7. Сага жаккан адамды биринчи жолу бетинен өбүү.
8. Жаңы китептин аңкыган жытын жыттоо.
9. Күндүн таңкы нурларын денең менен сезүү.
10. Таңкы кофенин биринчи ууртамы.

11. Кечки пляжда жылуу кум менен басуу.
12. Таза, жаңы үтүктөлгөн кийим кийүү.
13. Жайкы жамгыр алдында сейилдөө.
14. Ысык күндө салкын сууга чумуу.
15. Массаждын сеансында болуу.

16. Көк чөптө жылаңайлак чуркоо.
17. Жаандан кийинки озондун жыты менен дем алуу.
18. Ысык күндө муздак суудан ууртоо.
19. Отко үшүгөн колдорду кактоо.
20. Көпкө чейин чүчкүрө албай жатып чүчкүрүү.

21. Манжалар арасына ичке чынжырды өткөрүү.
22. Тишти жаңы тиш щетка менен тазалоо.
23. Жаңы эле тазаланган көз айнекти тагынуу.
24. Абдан сагынган адамыңды кучактоо.
25. Колго жабышкан ПВА клейин экинчи теридей кылып сыйруу.

26. Сыртта жамгыр жаап жатканда, жылуу төшөккө оронуу.
27. Жаңы жуулган шейшепте уктоо.
28. Бала кезиңен жакшы көргөн жытты жыттоо.
29. Бышып жаткан шашлыктын жытын сезүү.
30. Таң атпай бир көзүңдү ачып, дем алыш күн экенин түшүнүү.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.