Дүйнөдөгү ЭҢ СУЛУУ аял мына ушундай: окумуштуулардын ою

Сулуулукту изилдеген илимпоздор идеалдуу деп эсептелген пропорцияларды табуу үчүн үзгүлтүксүз изилдөөлөрдү, сурамжылоолорду жана эксперименттерди жүргүзүшөт.

Мисалы, идеалдуу бетте каректердин ортосундагы аралык кулактан кулакка чейинки беттин туурасынын 46%ы, ал эми көз менен ооздун ортосундагы аралык беттин узундугунун үчтөн бир бөлүгүн түзүшү керек дешет.

Мындай изилдөөлөрдүн негизинде, окумуштуулар ал тургай, "идеалдуу" аялдын сүрөттөмөсүн жараткан. Анын чачы кара, көзү көк, мурду түз.

 

 

Ал эми андай адам чынында жок болсо да, ага дүйнөнүн эң сулуу айымы наамы ыйгарылган. Бул бет кемчиликсиз симметриялуу, анткени көздөрү идеалдуу жайгаштырылган жана чеке мурун менен бирдей. Компьютерден жаралган сүрөт заманбап сулуулардын эң сонун өзгөчөлүктөрүн бириктирет.

Демек, идеалдуу аял Рианнанын бетинин формасына, Кейт Мосстун чекесине жана Скарлетт Йоханссондун көзүнө ээ.

Бирок бул портрет көпчүлүктү таң калтырган жок. Сурамжылоого катышкандардын көбү бул кызды сулуу эмес деп эсептешет. Көрсө, бул «идеалдуу» өзгөчөлүктөрдүн баары бир жерге жыйылганда идеалдуу көрүнүштү бербейт экен.

Мүмкүн, кептин баары кыздын кынтыксыз келбеттүү болуп чыкканындадыр?

Кандай дейсиз, сулуулук чындап эле илим тарабынан аныктала алабы?

Бул тууралуу кандай ойдосуз? Пикириңизди комментарийге бөлүшүңүз!