Дүйнөдөгү эң коркунучтуу азык кайсы экени белгилүү болду

Адамдын ден соолугуна эң коркунучтуу азык болуп “0% sugar” деген эскертүүсү бар диетикалык газдалган сууну америка окумуштуулары айтып чыкты, деп жазат elle.

Белгилей кетчү нерсе, бул суусундуктар дүйнө жүзүндө аябай популярдуу, кээ бир өлкөлөрдө аны ден соолукка пайда деп да айтышат.

 

Америкалык окумуштуулардын айтымында, күнүнө ичилген бир банка диетикалык газдалган суу мээге таасир берип, инсультка алып барат.

Америка жүрөк асоциациясынын журналына басылган маалыматка ишенсек, күнүгө мындай сууну ичкен адамда, инсульттун пайда болушуна шарт түзүлүүсү 3 эсе жогоруласа, мээге доо кетиши 2,9 эсеге жогорулайт.

 «Биз билебиз, шекерди аз колдонуу – туура тамактануу менен салмактын азайтуунун эң туура стратегиясы. Бирок биз шекерди алмаштыруучулар тууралуу, аларды коопсуз деп айткыдай, көп билбейбиз. Жасалма таттуу кылуучу азыктарды колдон келишинче аз жана абайлып колдонуш керек»

- дейт Америка кардиологдор ассоциациясынын башчысы жана диетология процессору Рэйчел Джонсон.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.