Дүйнө боюнча бекер Wi-Fiга кантип кошулушту Илон Маск айтты

Ойлоп табуучу өз баракчасында “байкабай” сыр маалымат менен бөлүшүп алды. Интернетке глобалдык интернеттин паролун жазды.

 

 

SpaceX жеке компаниясынын жетекчиси, бекер Wi-Fiдын паролу “марсиандар” (martians) болот деп тамашалады.

 

Маск бүткүл дүйнөнү алкагына алып, жогорку ылдамдыктагы интернет таратуучу  спутник системасын түзүү планынын автору. 22-февральда SpaceX компаниясы Falcon 9 ракетасын 2 спукник менен орбитага чыгарган. Анын максаты интернет таратуучу системаны тестирлөө.

 

Бардыгы болуп, жердин тургундарын зымсыз интернет менен камсыздоого 4425 спутник орбитага чыгарылуусу пландалууда. Биринчи этапта Маск АКШнын территориясын спутниктер менен камсыз кылууну пландоодо.

Facebook барагыбызга жазылыңыз