Душмандар да пайда алып келишет. Бул икаяны балдаңызга айта жүрүшүңүз керек

Душмандар жана көрө албастар ар бирибиздин жашообузда пайда болот, мындай болбойт деп так кесе жооп берүүгө болбойт, өзгөчө сиз ийгиликке жеткен болсоңуз.

Чогуу иштегендериңиз, тууган туушкандарыңыз, жада калса ынак досторуңуз көрө албастардын, ич күйгөндөрдүн катарына кошулуп кетиши мүмкүн, ар кандай жолдор менен (байкоосуздан болсо дагы), сиздин жолуңуз болбой калса экен деп ойлошот.

 

 

Аларды кечириңиз. Талашып тартышып териштирүүнүн, өч алуунун кереги жок. Алардын деңгээлине түшүп кетпеңиз, антпесе алардан эч айырмаңыз болбой калат.

Негизи душмандар, бирөөгө ор казам деп өзүнө ор казып жатканын аңдабай калышат.

Менин бутума турушума, кыйынчылыктарды жеңип, кимдин ким экенин ажырата билишиме мага жардам бергениңер үчүн мен силерди жакшы көрөм, менин душмандарым.

Чыгыш акылмандыгы

Төмөнкү икаяны окуп көрүңүз:

Душмандар жөнүндө икая

Кайсы бир мамлекетте ички туюмдарга, белгилерге ушунчалык ишенишкендиктен, мындай салты бар эле: өлүм жазасына тартылган ар бир адамга жазалоонун астында тагдыр баракчасын сууруп көрүүсүн сунушташкан. Баштыкчада эки гана баракча бар болчу - "Өмүр" жана "Өлүм".

Эгерде соттолуучу биринчи баракчаны алып чыккан болсо, аны кечиришчү. Эгерде экинчини алып чыкса, ошол замат жазаны ишке ашырышчу

Мына ушинтип, ар бир соттолгон адамдын акыркы убакытка чейин өлүмдөн калам деген үмүтү жанып турчу, ал эми соттордун, алар чыгарган чечими туура же туура эмес экендигин далилдеген "жогору жактан" кошумча добушу бар эле.

Ушундай болуп калды, бир адам өзүнүн ишин ачып, аз аздан өнүгүп өсүп келе жаткан, ошол эле убакта ийгиликтин артында боло турган көрө албастар пайда болушту.

Алар алгач жамандап жатып адамды соттотушту, андан кийин өлүм жазасына тартылышына чейин жеткизишти.

Соттолгон адамдын ар дайым кутулуп кетээрине жол бар экендигин билишкен алар, алдамчылык менен баштыкчадан "Өмүр" деген баракчаны уурдап алышты да экинчи "Өлүм" деген жазуусу бар баракчаны кошуп коюшту. Ошентип душмандар адамга эч кандай кутулганга жол калтырышкан жок - кайсы баракчаны алса да аны өлүм жазасы күтүп турган.

Бирок ал адамдын достору да бар эле. Алар душмандардын кылыктарын билишип, соттолгон адамга түрмөгө киришип, аны баштыкчада эки "өлүм" баракчасы күтүп жаткандыгын айтып беришет.

Достору муну сотторго айтып, соттордун баштыкчаны текшерүүгө алышын талап кылууга кеңеш беришет.

Бирок,таң калыштуусу, соттолгон адам бул жаңылыкка кубанды, бул жөнүндө эч кимге айтпагыла деп суранып, бул мени сактап калат деп айтты. Достор өлүм астында акылынан тайып калса керек деп чечип коюшту, бирок ал аларды унчукпоого көндүрдү.

Эртеси эртең менен киши тагдыр буйругун сууруп чыкты да...боштондукка чыгарылды.

Достору дагы, душмандары дагы баштыкчадагы эки өлүм жазасын билип туруп түшүнбөй калышты.

А киши болсо мындай кылган эле, баштыкчадан баракчаны сууруп чыгып, окубастан чайнап жутуп салды. Сооттордун  баштыкчада кайсы баракча калгандыгын карагандан башка айласы калган эмес.

Ал жакта "Өлүм" болгондуктан, расмий түрдө киши "Өмүр" баракчасын сууруп чыкты деген чечим кабыл алынды.

Ошентип душмандар, кишиге анык өлүмдү даярдап жатып, эрксизден аны андан куткарып алышты. Душмандар менен көрө албастар жаман жашоодон келип чыкпашын унутпасаңар. Эгерде алар сизде бар болсо, демек сиз көз артканга татыктуусуз. Баардык таланттуу адамдарда душмандар ар дайым болот, анткени аларда сиздин талантыңыздай талант жок да.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.