Дубаланган адамдын белгилери кандай болот? Мүмкүн сиз дагы...

Адамдардын жашоосу  асмандагы ай сыяктуу 15и жарык 15и караңгы дешет. Бирок ошол караңгылык узакка созулуп, кыйынчылыктар менен канчалык күрөшсөңүз деле жыйынтык чыкпай кыйналгандын үстүнө кыйнала берсеңиз демек сизге кандайдыр бир сырдуу күч үстөмдүк кылып турат. Балким сизге дуба жасалган.

 

 

Илимде изилденип чыккан, дубанын көп түрлөрү болот. Бирок анын белгилери бирдей. Дуба бул адамды негативдүү жолго программалоо. Эң ириде адамдын маанайы өзгөрүлөт, мүнөзү татаалданат, болоор болбос нерсеге кыжынып, нерв чыңалуусу байкалат. Адамдын мурда мүнөзү ушундай беле? Мына ушуга көңүл буруу кажет.

Күчтүү дубанын адамды катуу негативдүү катуу программалоонун жыйынтыгында айрым нерви жука адамдар көтөрө албай өзүн-өзү өлтүрүүгө чейин барат. Суицид тууралуу ойлоно башташат. Кара магиянын айрым бир ыкмалары бар, ал адамга  өзүнө өзү кол салууга чакырган үндү пайда кылат, көзүнө жаман бир нерселер көрүнө баштайт.

 

Дубанын дагы бир түрү бир адамды башка адамдын  манипуляция  кылуусуна жардам берүү. Ал адамга айланчыктап баш ийип калуу коркунучу, өз эркине ээ болбой калуусу дагы күчтүү дубанын таасири болушу толук ыктымал.  Мындай дуба жасалган адам  эч себепсиз эле  өзүн-өзү жоготуп, шалактап, жүдөп, жашоого маанайы жок боло баштайт.  Күндүн нуру жакпай, андан качат. Алтынчы туюму жакшы өнүккөн адамдар жаман нерсени сезе башташат. Дуба жасалган адам өзүн өзү баалабай калат, күзгүгө көрүнгөндө  өзүнө өзү жакпайт. Дуба жасалган адамдан башкалар кача башташат.

  • Менин жолдошум аябай өзгөрдү. Эч себепсиз мени обу жок кызганып, уруш-чатак чыгарып, кыжынып, кол көтөргөнгө чейин барды.  Үйдөн качып,  балдарыбызды урушуп, кагып-силкип, бир жерге тура албай, ажырашам дей баштады. Анын бул жоругу  көнүмүш адатка айланды. Айлам кеткенде атактуу чоң көзү ачыкка кайрылдым. Көрсө биздин үй бүлөгө дуба жасалыптыр. Көзү ачыктын айтымында ал дубаны кайненем жасаган экен. Баламды аялы башын айлантып алды. Мага такыр көңүл бурбайт деп ыйлап чоң молдого окутуптур. Бизди ит менен мышыктай тытышып ажырашып кетишсин деп ит менен мышыктын жүнүн ороп окутуптур. Көзү ачыкка барып күйөөмдүн дубасын жандырып тазалаттык. Андан кийин оңолуп ордуна келди. Дуба деген чындык экен, -дейт 32 жаштагы Айгерим.
 

Кээ бир адамдарга көрө албастары жумушуна дуба жасатышат. Мындай адам кызматташтары мененжаңжалдашып, кадыр баркы кетет. Иши жүрүшпөй, кыйналып, карьерасы жогорулабай эле төмөндөйт. Акыры жумуштан кетип тынат.

  • Жакшы иштеп, жамаат арасында кадырым күчтүү эле. Начальнигибиз  пенсияга чыгаар алдында мени министерстводон чакырышып, “Аксакал узагандан кийин ордуна сени дайындайбыз” деп чоң ишеним көрсөтүшкөн. Ошондой күндөрдүн биринде эле ишим кыйшаңдай баштады. Жумушум жылбай койду. Чогулуштарга дайыма кечигип калчу болдум. Канча аракет кылсам деле майнап чыкпай, улам ооруп кыйнала бердим. Менин мындай абалымдан улам жетекчилик кызматка башка бирөө дайындалды. Аялым  дуба тазалаган орус улутундагы бир аялга кайрылыптыр. Ал менин отурган кресломдо ийне сайылганын айтыптыр. Ишенген жокмун. Бирок  кресломду карап көрүүнү чечтим.  Кара жип сапталган ийне жети түйүндүү жип менен кресломдун оң жагына этияттап сайылып турат. Ийнени  алиги орус аялга алып барганыбызда колуна кармабай пинсет менен кыпчып шар аккан сууга ыргытты. Мага суу окуп тазалоо ырым-жырымын жасады. Ошондон кийин оорубай оңолуп калдым.  Ишим да алдыга жылды, -деп дуба тууралуу өз оюн айтты 39 жаштагы Улан.
 

Эгер күйөөсү менен аялын ажыраштырууга арналып жасалган дуба болсо түгйөлөр эч себепсиз уруша башташат.

Аялы жалгыздыкты сүйүп, күйөөсү бир жакка кетип калышын каалайт. Ал жокто тынчып калат. Башка эркектерге көңүл бура баштайт.

Күйөөсү аялын көргүсү келбей, үйүнө тургусу келбейт. Башка аялдарды ойлоно баштайт.

Дуба жасалган адамдар эч себепсиз ооруй беришет. Дуба күчөп кеткендеуйку качып, албарсты басып, жаман түштөр кирет. Кайталанма түштөр кирип эс албайт.

Өлүмгө жасалган дубасы бар адам айыкпай ооруп, медицина, дары-дармек жардам бере албайт. Берсе да убактылуу гана.

Сулуулукка жасалган дубалар да болот. Мындай дубалар көбүнчө аялдар тарабынан жасалат аялдын сулуулугу кетип, эрте картайып,аябай толуп кетет же арыктап ач арбактай болуп калат. Экиийини оор болуп басылып, чыйрыгып үшүп турат.

 

Аял-эркекти тукумсуз болсун деген дагы дубалар жасалат. Мындай дуба жасалганда аялдынайыз цикли бузулуп, эркектин уругу жарамсыз болуп калат.

Дуба жасалган үйдө, офисте техникалар бузулуп, сына баштайт.

Дуба жасалганда адамдын жасалгалары жоголот, тумары сынып же өзүнөн өзү табылбай жоголуп кетет. Адамдар ыйык нерселерге ишенбей андан качып калат. Дуба тууралуу уккусу да келбейт.

Намаз окуган, динге ишенген адамга дуба тийбейт деп ойлошот, бирок мындай эмес. Дубасы бар адам отко жакындаганда өзгөчө күйүп турган шамга, шам лаулдап күйө баштайт.

 

Facebook барагыбызга жазылыңыз