Досуңуз жасалма экендигинин 10 белгиси

Достук дүйнөдөгү эң сонун кубулуштун бири. Досуңуз бар болсо кыйынчылыктар менен жалгыз күрөшпөйсүз. Эгер кайгырсаңыз досуңуз дайым дем берет, жеңиштериңизди чогу майрамдайт, сиз үчүн жакын туугандай эле болуп калат.                        

Тилеке каршы баары эле чыныгы дос эмес. Кээ бири сиз менен, бир нерсе керек болгон үчүн эле дос болот, чынына келгенде пыш дебейт, аркаңардан жаман сөздөрдү сүйлөйт.

Жасалма дос эч кимге кереги жок. Чыныгы достон айырмалай алчу 10 белгини сунуштайбыз.

  

1. Сизди укпайт

Чыныгы дос өзүнүн эле көйгөйүн айтпастан сиздикин да укканга даяр. Эгерде досуңуз өзүнүкүн эле айтып, сиздикин уккусу келбесе, анда сизге башы деле оорубайт.

2. Сизди туура эмес чечимдерге түртөт

Жасалма дос сизди бузуп жана жашоодо туура чечим чыгарганга жолтоо болуп турат. Чыныгы дос сизди жакшы болгонго жардам берип, туура чечим кылганга жардам берет.

3. Оор учурда достук жөнүндө унутуп коет

Кичине бир нерсе туура эмес болсо сизди таарынтат, ойлонуп да койбой оор учурда таштап кетет.

4. Сиздин эсебиңизден чыңдалат

Сиздин ийгиликтериңизге кубангандын ордуна, кыйкым таап турат. Сизден ашып өтмөйүн сиздин ийгилигиңизге эч качан кубанбайт.

 
5. Сизден бир нерсе керек болгондо гана сиз менен сүйлөшөт

Эгер сизден эч нерсе керек жок болсо кызыктырбайсыз. Эң жөнөкөй.

6. Макул болгонго мажбурлайт

Сиздин оюңуз маанилүү эмес. Эгер ал айткандын баарына макул болсоңуз гана сиз менен дос болот.

 
7. Сизди башкарат

Сиздин көз карашыңыз кызыктырбайт. Аларга пайдалуу болсо сизди туура эмес чечим чыгарганга мажбурлайт. Эгерде талашсаңыз достугуңар аяктайт.

8. Ал үчүн баарына кайыл болосуз деп ойлойт

Эгерде бир нерсе суранса сиз баарын таштап салып жардам бергенге жөнөйсүз деп ойлойт. Сиздин үй бүлөңүз, мамилеңиз, жумушуңуз бар экени маанилүү эмес.

 
9. Эсеп жүргүзөт

Сизге кылган ар бир жакшылыгын кийин сизге каршы колдонгонго ар дайым жазып жүрөт.

10. Сөзүнө турбайт

Сөзүнө турбагандар сиздин да кыжырыңызга тиеби? Калп үмүттөр чоң көңүл калууларга алып келет. Сизге берген сөзүн баалабайт, сиз менен дос болобу-болбойбу ал үчүн баары бир.

 
Мындай "досторго" жолуктуңар беле? Бул тексти чыныгы досторуңар менен бөлүшкүлө.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.