“Дос бойдон калалы!” Мамиледен кийин эмнеге ал мүмкүн эместигинин 5 себеби

Биз мамиледе жети жыл болдук. Бул убакыт аралыгында ар кандай абалдарды башыбыздан өткөрдүк. Башында жон эле дос элек, андан кийин сүйүшкөндөр, анан бири бирибизден көз каранды болдук. Оор учурлар болду, көйгөйлөр болду, ал эле эмес урушуп кайра табыштык. Жаман жакшыны бирге баштан өткөргөндөн кийин өмүр боюу бирге болобуз деп ойлочу элек. Болгон жок. Дал ушул үчүн канча кааласак да дос болуп кала албайбыз.

 

 

1. Ыңгайсыздык

Сен мени дагы эле сүйөсүң, ал эми мен - жок. Бул экөөбүздүн достугубузду ыңгайсыз кылат. Мен сени сүйбөйм деп айткан күндө да, сен менден бир нерсе тапканга аракет кыласың. Кечир, бирок андай болбойт. Эгер муну кабыл ала албасаң, анда экөөбүз дос боло албайбыз. Менден кайра кайра: Мени чындап эле сүйбөйсүңбү, кичине дагыбы? – деп сураганың мени өлтүрөт. Акыркы жолу айтып жатам. Жок.

2. Достор жана үй бүлө

Айтканга канчалык өкүнүчтүү болбосун, бирок менин үй бүлөм жана досторум сени экинчи көргүсү келбейт. Балким, сен жаман эч нерсе деле кылган жоксуң, балким, мен сенин жүрөгүңдү жараладым, бирок эмне үчүн андай кылганымды билишет. Тилекке каршы экөөбүздүн жалпы досторубуз өтө эле көп болгон. Эми экөөбүз тең чогу жолугуп турсак аларга да ыңгайсыз болот. Менин үй бүлөм үчүн да... албетте, алар мени колдошот.

3. Мен сени жаңылыштыргым келбейт

Ачык сүйлөшөлү, экөөбүз дагы жолугуп турсак сен мени туура эмес түшүнмөксүң. Ар бир айткан сөзүмдү, кыймыл аракетимди башкача кабыл алмаксың. Кичине нерсени чоң кылып жибермексиң. Биз аракет кылып көрдүк, аягы ушундай болду, бул жолу эмне өзгөрөт? Баары бүттү. Эмнеге түшүнбөйсүң. Жада калса сенин чалууларыңа, каттарыңа жооп бергим келбейт, себеби жооп берип койсом мени жайыма койбойсуң.

4. Мен сени мурдагыдай сүйбөйм

Биз жаңы жолугуп баштаганда мен сенден баарын сүйчүмүн. Сенин кызыктай жүрүм-турумуңду дагы. Жыл өткөн сайын баары мени кыжырлантып баштады. Жылдардын өтүшү менен биз өзгөрдүк. Мен чоңойдум, сенден өтүп кеттим окшойт. Экөөбүздүн ортобузда мурункудай от жок. Сен мени сүйбөй калышыңды каалайт элем, сени сүйгөн кызды табышыңды каалайм. Себеби мен сени сүйбөйм.

5. Эскерүүлөр

Сени көргүм келген экөөбүздө өтө көп эскерүүлөр бар. Жакшысы да, жаманы да. Жакшылары жагымдуу маанай тартуулайт, баштан өткөн жакшы нерселерди эстетет. Ал эми жаманы мындан ары эмнеге чогу боло албаарыбызды эстетет. Бири бирибизге туура келбейбиз. Жакшыга караганда жаман эскерүү көбүрөөк. Экөөбүздө болгон жакшы нерселерди эч качан унутпайм. Ошондой эле жаманды да унута албайм. Мен ага кайтып баргым келбейт. Ошондуктан эстебей жана эскертпей эле коелу. Демек, жолукпай эле коелу, кечир.

Көптөгөн аракеттерден кийин чындыкка кайтып келели. Акырында жакшы көргөн адамыңды жашооңдон алып салсаң да, сен үчүн жакшы болгон нерсени кылыш керек. Убакыт менен баары өзгөрөт. Бул өзгөрүүлөрдү кабыл алыш керек, же өткөн менен жашаш керек.

Мен өзгөрүүнү кабыл алып, алдыга жылганды тандайм. Жашооңдун жаңы барагы эмне алып келет ким билет. Аракет кылмайынча билбейсиң.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.