Дос балам кыздык белгимди алып... 18+

Бул менин жашоомдун студенттик күндөрү болгон күндөр эле. Мектепти бүтүп келип жогорку окуу жайга тапшырып 1-курста эл катары окуп калдым. Күз айлары болчу, группалаш балабыздын туулган күнү болуп чогуу тосмой болдук. Кыздар болуп даярданып кечинде белгиленген кафеге бардык.

 

 

Кыздардан да балдар көп эле. Балдарды жакындан эч кимисин деле жакшы тааныбайм. Өзүм көп сүйлөбөгөн, уялчаак кыз элем. Тосттор айтылып, бийге да түштүк. Кыздар, балдар ал ал деп отуруп эки бокал вино ичип алдым. Анан мен дагы ачылып бийлеп баштадым. Урмат аттуу бала менен көпкө бийледим.

Түн ортосу болуп студенттер үйлөрүнө тарап башташты. Мен кетким келбей турду, акыры Урмат менен таксиге отуруп үйдү көздөй жөнөдүк. Ал мени үйгө таштап коюп кетип калды. Ал күнү жакшы эс алдык. Андан кийин Урмат менен жакшы сүйлөшө баштадык. Ал жөнөкөй, баарын ачык айткан, шайыр бала эле. Ал мага жакын болуп, көп жардам берчү. Окуудан кийин да чогуу басып көпкө сүйлөшөт элек.

 

Ага жакын болуп кеттим, (жактырып калган окшойм) качан кыз-жигит болуу сунушун айтат деп күтүп жүрдүм. Ал уялдыбы, же мени сүйбөйт беле билбейм эч эле айткан жок. Мен ага деле капа болбой аны менен күндө көрүшкөнүмө кубанып жүрө бердим. Урматка чейин бир да бала менен сүйлөшкөн эмесмин, билбейм мага эч эле балдар жакындачу эмес. Биз дайыма чогуу жүргөнгө группалаштар бизди «кыз-жигиттер» деп көп тамашалашаар эле. Мен өзгөрдүм, баягыдай түнт, сүйлөбөгөн жоош кыз жок. Студенттик күндөр зуулдап бат эле өтүп кышкы сессия да башталып калды.

 

Жаңы жылдык майрам да болуп калды. Баарыбыз кантип майрамдоону күндө сүйлөшөбүз. Кафеге же үйгө тосолу ар кимдин ою ар кандай. Декабрьдын аягы болчу бир баланын үйү бош болуп калып ал жакка тосмой болдук. Бирибиз да калбай бардык. Тамак-аш, ичимдик мол. Ырдап бийлеп жакшы отурдук. Урмат экөөбүз сыртка чыктык, күн өтө суук эмес, асмандан кар жайдан, калкып түшүп жатыптыр. Урмат белимен кучактап эле өпкүлөп кирди. Вино башыма тепкенгеби жашоо жыргал болуп турган учурум эле. Каршы болгон жокмун. Ал түнү биринчи жолу бала менен өбүшкөн элем.

 

Көпкө турдук, үшүгөнүмдү да сезген жокмун. Эч нерсе болбогондой үйгө кирдик, баягы эле тынч отура албаган жаштар ызы-чуу ар кайсы оюнду ойноп отурушат. Ошентип ал күнү өбүшүү кандай экенин өз башымдан өткөрүп билдим. Кышкы каникул болуп 3 күндөн кийин айылга кетип калдым. Мүңөт сайын Урмат эсиме келет, аны менен өбүшкөнүмчү, ээх! Өзүмдү бир жерге койо албай эртерээк каникул бүтүп окууга кетсем экен деп күн санай баштадым. (Уландысы бар)

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.