Дина Абдулазиз: стиль менен традицияны айкаштырган араб принцессасы

Принцесса Дина Абдулазиз өзүн светтик арстан кылып көрсөтүп баштаганына көп болду. Ал барбаган модалык көргөзмө, презентация, бутиктер калбаса керек.

 

 

 

Дина өзү Эр—Рияддагы «D’NA» бутигинин ээси. Бул бутикке принцессанын жеке чакыруусу менен гана кирүүгө болот. Бутиктин коллекциясын Диана өзү тандап, мусулман традицияларына карап чогултат. Мисалы дизайнер Фон Ферстенбергдин көйнөктөрү, буттарды жапкандай кылып полго чейин узартылган.

Christian Louboutinден Deena туфлиси

Керек болсо бут кийим индустриясынын чыгааны Критиан Лобутен Диананын атына 2 туфли атаган.

Чыныгы кызыгы, чыгыш принцессачынын образы менен чечкиндүү кийинүүнү айкалыштыргандыгы. Ал чачын кыска алдырып, фигурасын белгилеген кийим кийип, жалпыга мүнөздүү эмес кийинет. Диана бир нече жыл Нью-Йоркто жашагандыктан, кийинген стилин жана өзүн эркин алып жүрүүсүн ал жактан алып келсе керек.

Бирок, кээде Диана өзүнүн өлкөсүнө традициалуу болгон кийимдерди дагы кийет.

Жакынкы араларда дагы чыгыштын сулуулары менен "революционерлери" тууралы кенен жазмакчыбыз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.