Денеңиздин кайсы бөлүгүн биринчи жуушуңузду айтсаңыз, сиздин мүнөзүңүз кандай экенин айтып беребиз

Таза, тыкан көрүнүп жана тери менен көйгөйдүн болбошу үчүн гигиенага баарыбыз көңүл бурабыз. Көрсө, ваннага же душка түшүп жатып, денеңдин кайсы бөлүгүн биринчи жуусаң, ал сенин мүнөзүң тууралуу көп нерсе айтып берет экен.

Мындай жыйынтыкка, адамдар группасын көп убакыт бою изилдеген окумуштуулар келишти. Ар кайсы жылдыз төлгөлөргө караганда, бул белги адам жөнүндө көбүрөөк чындыкты айтат дешет алар.

Кызыктай угулуп атабы, келгиле текшерип көрөлү. Биздин редакция, тигил же бул жерин биринчи жууган адамдын кандай сапаттары бар экенин айтып берет.

 

БЕТ

Эгер душтагы жуунуу ритуалың беттен башталсы, сен үчүн финансы маанилүү. Сен дайым, кантип көбүрөөк акча табышты, кантип үйүңдү, балдарыңды камсыз кылышты ойлонуп турасың. Ошондой эле, бетин биринчи жууган адамдар атак-даңкты сүйгөн жана ачык чырай адам болушат. Алар жакшы жана ишенимдүү достор, дайым ачык адамдар. Ошондой эле төшөктө мыкты өнөктөр.

ЧАЧ

Эгер жуунганды чачыңан баштасаң, анда сен кыялыңда сүрөтчүсүң. Сени ойлонуруң чыгармачыл, жана көбүнчө акылыңды эмес, жүрөгүңдү угасың. Сен абада балкып, булуттардын үстүндө учуп жүрөсүң жана көп кыялгандыктан, өзүңдү жалкоо сезесиң. Негизи ошондой эле, бирок, эгер сен алдыга максат коюп, өз шыгыңды тапсаң, анда бул иште сенден мыкты эч ким болбойт.

КӨКҮРӨК

Биринчи көкүрөгүн жуугандар жакшы логиканын ээси жана тайманбаган адамдар. Алар убактысын бекерчилик менен кыялданууга коротпойт, ал эми маанилүү чечим кабыл алып жатканда дайым суук мүнөздө болот. Алар абдан максаттуу жана күтүп отургандан көрө, кыймылдап баштаганды туура көрүшөт. Ошондой болсо да, алар достукка чыгармачыл адамдарды тандашат.

КОЛТУКТАР

Биринчи колтукту жуусаң, анда сенин натураң боорукер жана жоопкерчиликтүү адам. Сен аябай эмгекчилсиң жана жакындарыңан жардамыңды эч качан аябайсың, ошондуктан сенин көп коллегаларың сени менен жакшы мамиледе. Бирок, боорукерчилигиңин айынан көбү сени алдап же өз максатына колдонуп келишет. Ошондуктан айлана менен этият мамиле кылганың туура.

КУЛАКТАР

Кулагын биринчи жууган адамдар ачык жүздүү жана байкагыч болушат дешет изилдөөчүлөр. Алар убакыттан артта калбай дайым бардык жагынан өнүгүп келишет. Жаңы технологияларга кызыгышат, көп саякатташат жана мамиле курушат. Ошондой эле алар аябай текебер жана кежир болушат. Ошондуктан өздөрүнө катуу ишенсе керек.

ИЙИНДЕР

Эгер сен ийинин биринчи жуугандардын катарына кирсең, анда чечкиндүү эмес адамсың. Сага өз шыгыңды табыш кыйын, жаңы таанышуулар да оңойго турбайт. Сен жалгыздыкта болгонду жактырасың. Сенин маанайың бат-бат өзгөрүп турат, көп нерседен үмүтүңдү үзүп коёсуң. Жөн жерден акчаңды казиного уттуруп жибересиң же кандайдыр бир жагымсыз абалга туш болуп турасың. Ошондуктан жаныңда сага түрткү болчу адам керек.

МОЮН

Изилдөөчүлөрдүн оюнда, биринчи моюнун жуугандар – коркоктор. Алар жоопкерчиликтен качышат жана коомго аралашпаган жашоо образын өткөрүшөт. Алардын оюнда, дүйнө аларды тегеренет. Анын персонасы эң маанилүү жана айланасындагылар ал жөнүндө ушак кылышат деп ишенет.

ИНТИМДИК ЗОНАЛАР

Биринчи интимдик зонасын жууган адамдар өздөрүн жогору баалашат. Ошондой эле алар карама-каршы жыныс үчүн сексуалдык жактан жагымдуу жана дайым көңүл чордондо болушат. Адамдарды жакшы билишет, өздөрүнүн жанына жакын жана убакыт жакшы жагынан көрсөткөн адамдарды гана жолотушат. Ошондой эле төшөктө да мыкты болушат.

БУТТАР

Жуунушту бутунан баштаган адам абдан токтоо болот. Анын башында көптөгөн чектөөлөр бар, ошондуктан маанилүү чечимдерди оңой кабыл ала албайт жана ал башкаруучу кызмат ордун ээлей албайт. Көп нерсеге жеткенге аракет кылат, бирок ийгиликсиз болуп калуудан коркот, ошондуктан тобокелдикке эч качан барбайт. Анда бардыгы үчүн өзүнүн бир сценарийи бар, үй-бүлөсү болобу, карьерасы болобу, үйүнүн интерьери болобу...